УЛУТТУК  НАРК БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРДЫН  БИЛИМИН  КАЛЫПТАНДЫРУУ ЗАРЫЛ

  • 09.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, 2021-2026-жылдарда “Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепциясынын “Улуттук нарк” Жарлыгын ишке ашырууда  № 98 Байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинде улуттук нарк, мамлекеттик тилдин актуалдуулугу боюнча эмгек жамааты жана  атайын башка улуттагы мугалимдер үчүн  кереге кеңеш өткөрүлдү.

УЛУТТУК  НАРК БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРДЫН  БИЛИМИН  КАЛЫПТАНДЫРУУ ЗАРЫЛ

Чынара Сагынбекованын маалыматына караганда, жаны технологиялардын айдыӊы менен ааламдашуунун чеӊгээлине кирип, өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн адилеттүүлүккө жана акыйкаттуулукка негизделген нарктуу коомду куруу үчүн концепциянын жана программанын негизинде кереге кеңеш уюштурулду.

УЛУТТУК  НАРК БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРДЫН  БИЛИМИН  КАЛЫПТАНДЫРУУ ЗАРЫЛУЛУТТУК  НАРК БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРДЫН  БИЛИМИН  КАЛЫПТАНДЫРУУ ЗАРЫЛ

— Кыргыз эли  мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып ушул жаатта окуучуларга маалымат берүү, сабак учурунда улуттук баалуулуктарды камтуу, окуучулардын улуттук нарк боюнча билим, билгичтик көндүмдөрүн калыптандыруу маселелери каралып, талкууланды, — дейт Ч.Сагынбекова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер