УЛУТТУК КААДА-САЛТ ЖАНА ЗАМАНБАП ДҮЙНӨ: ӨТКӨН МЕНЕН БҮГҮНКҮНҮН УЧТАШЫ
- 26.03.2026
- 0
2026-жылдын 25-мартында Бишкек шаарындагы №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде «Улуттук каада-салт жана заманбап дүйнө» аттуу илимий-практикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» Уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Иш-чарага Президенттик администрациянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эксперттери, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, коомдук ишмерлер, ошондой эле лицейдин мугалимдер жамааты менен окуучулары катышып, улуттук баалуулуктардын орду жана ролу тууралуу пикир алышты.
Жыйындын негизги максаты — кыргыз элинин тарыхый мурастарын сактоо менен катар мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, ошондой эле жаш муунду улуттук биримдикке, жоопкерчиликке жана жарандык аң-сезимге тарбиялоо болду. Катышуучулар белгилегендей, бүгүнкү күндө улуттук каада-салттарды сактоо жөн гана маданий мурас катары эмес, коомдун туруктуулугун камсыз кылуучу маанилүү фактор катары каралууда.
Ачылыш сөздөрүндө «Уңгу жол» доктринасынын мааниси кеңири талкууланып, анын негизги багыты улуттук мурастарды заманбап өнүгүү менен айкалыштыруу экени баса белгиленди. Ошондой эле жаштарды тарбиялоодо тартиптин, баалуулуктардын жана мамлекет алдындагы жоопкерчиликтин ролу өзгөчө мааниге ээ экени айтылды. Уюштуруучулардын пикиринде, билим берүү мекемелеринин башкы милдети — тарыхый мурастарды заманбап билим берүү менен айкалыштырып, жаңы доордун талаптарына жооп берген инсандарды тарбиялоо болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында маданий программа да уюштурулуп, улуттук рухту даңазалаган чыгармалар көрүүчүлөргө тартууланды. Лицейдин окуучулары «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү көркөм айтып беришсе, мугалимдер кыргыз элинин каада-салттарын жана нарк-насилин чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү сахналаштырды. Ошондой эле патриоттук ырлар жаңырып, улуттук бийлер аткарылып, иш-чарага өзгөчө көрк берди.
Жыйынтыгында окуу жайдын жетекчилиги мындай иш-чаралар жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтаган, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандар катары тарбиялоодо чоң мааниге ээ экенин белгилешти. Ушундай демилгелер аркылуу өткөн менен бүгүнкү күндүн ортосундагы байланышты бекемдөө жана улуттук аң-сезимди чыңдоо мүмкүнчүлүгү кеңейери айтылды.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер