Улуттук илимдер академиясына, илимий уюмдарга финансылык автономия берилет
- 07.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына, Улуттук илимдер академиянын илимий мекемелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, тармактык мамлекеттик органдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын карамагында турган илимий жана илимий-техникалык уюмдарга төмөнкүлөргө болгон укукту кошкондо, финансылык автономия берүү тууралуу айтылат.
Атап айтканда, төмөнкү укуктар берилет:
- илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналбаган, мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен түшкөн каражаттар түрүндө кирешелерди алууга,
- эмгек акы төлөөгө жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого багыттоо менен өздөрүнүн кирешелерин өз алдынча тескөөгө,
- атайын эсептин каражаттарынын чегинде кызматкерлердин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, дем берүүчү төлөмдөрдүн жана материалдык жардамдын ийкемдүү формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;
- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жана келишимдик негизде аткарылуучу жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;
- атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу, алмаштыруу, ижарага берүү жолу менен тескөөгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык аны пайдалануудан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдаланууга;
- оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктү башкарууну, ижарага берүү жана ижарадан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдалануу укугун кошкондо, жүзөгө ашырууга.
«Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан жыл сайын өзүнүн ведомстволук илимий жана илимий-техникалык уюмдарына атайын эсептин каражаттарынын жалпы жылдык көлөмүнүн үч пайызынан кем эмеси алардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды кошкондо, актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнүп берилет деп белгиленсин».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө толук финансылык автономиясын жана жарандык-укуктук келишимдик мамилелердин принциптерине өтүүсүн камсыз кылуу максатында илимий мекемелер көрсөтүүчү кызматтарды кийин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу менен инвентаризациялоону жүргүзүп, өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүүгө тийиш.
К. А. «КБ»
Комментарийлер