Улут сыймыгы — Ак калпак! 

  • 04.03.2026
  • 0

5-март — Ак калпак күнүнө карата Нарын облусунун Үсөн Асанов атындагы жатак мектебинде 4-а классынын окуучулары тарабынан «Калпак — кыргыздын кастарлаган белгиси» аттуу ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуу жана таасирдүү өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар ак калпактын келип чыгуу тарыхы, анын түрлөрү жана символикалык мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти. Улуттук баалуулуктарды даңазалаган ырлар көркөм окулуп, макал-лакаптар айтылды. Ошондой эле кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган чакан сахналаштыруулар көрсөтүлүп, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды.

Улут сыймыгы — Ак калпак! 
Ачык сабактын башкы максаты жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо, ата-бабадан калган улуттук мурастарды аздектөөгө үндөө жана улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоонун маанисин жеткирүү болду.
Иш-чараны соңунда жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн класс жетекчиси Абзиева Аселге жана активдүү катышкан окуучуларга мектеп жамааты ыраазычылык билдирди.
Ак калпак — улут сыймыгы, элибиздин биримдигин жана улуулугун даңазалаган ыйык белги бойдон кала бермекчи.

Бөлүшүү

Комментарийлер