«Улут деми — Уңгу жол». Президенттин тандалма сөздөрү

  • 07.10.2025
  • 0

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Президент Садыр Жапаровдун тандалма сөздөрүнүн жыйнагы болгон «Улут деми -Уңгу жол» китебинин бет ачаары болду.

"Улут деми - Уңгу жол". Президенттин тандалма сөздөрү

Китепте Садыр Жапаровдун кыйчалыш кырдаалда, тагдыр чечер кезеңде эгемен мамлекеттин башчысы кызматына киришкен күндөн тартып эл аралык жана жалпы улуттук деңгээлдеги иш чараларда, жолугушууларда, жыйындарда сүйлөгөн сөздөрүнөн, учурдун урунттуу маселелерине арналып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кайрылууларынан иргелип алынган материалдар топтолгон.

Китепти «Кыргыз туусу» басма үйү даярдап чыгарды. Түзгөндөр Президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев, «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов жана Нурбек Асаналы уулу. Редактору «Кут Билимдин» кабарчысы Белек Кемелов.

Жыйында Арслан Капай уулу Койчиев, Алмаз Кулматов, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов, биринчи вице-президенти Чолпонкул Арабаев жана башкалар чыгып сүйлөп, президенттин тандалма сөздөрүндө көтөрүлгөн маселелерге жана өлкөнүн азыркы өнүгүүсүндөгү ийгиликтерге токтолушту. (БК)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер