УЛАН-КЫЗДАР УКУК БУЗУУГА КАРШЫ

  • 17.12.2025
  • 0

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы N6 жалпы орто билим берүү мектебинде 2025-жылдын 16-декабрь күнү окуучулар арасында зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, рэкетчиликтин алдын алуу максатында 10-класстардын кыздар жана жигиттер арасында «Оңдоо үчүн заманды, оңдоо керек адамды» деген темада сынак болуп өттү.

УЛАН-КЫЗДАР УКУК БУЗУУГА КАРШЫ

Ага Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, Аксы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери  катышты. Иш-чарада ар түрдүү тапшырмалар берилип, теманы ачып берүүдө кызыктуу таймаштар орун алды. Укук бузуулар, кибербулинг, кылмыш жана жаза, зордук-зомбулук боюнча суроолор берилип, жооптор алынды. Жыйынтыгында жигиттерден түзүлгөн «Калкан» тобу 157, кыздардан түзүлгөн «Ак ниет» тобу 154 упайга ээ болушту. Окуучуларды сынакка класс жетекчилери Дыйканбаева Лира, Тотоева Наргиза, Дыйканбаева Айжамал жогорку деңгээлде даярдашты.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер