УКМКнын академиясына кабыл алуу башталат. Кимдер тапшыра алат?
- 23.01.2025
- 0
А.К.Бакаев атындагы УКМКнын академиясына кабыл алуу 27-январда башталат.
Кабыл алуу 27-февралга дейре ар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Академияга тапшырууну каалагандар 17-21 жашта, бою 1,7 метрден узун, салмагы кеминде 60 кг болушу керек.
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:
* орточо баллы 4төн төмөн эмес толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплом (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель);
* өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылган болбошу зарыл;
* өзүндө, жакын туугандарында чет мамлекеттин жарандыгы болбош керек.
Маектешүүдөн өткөн талапкерлер тандоо сынактарына катышат:
— дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүү;
— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
— психофизиологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);
— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;
— кирүү экзамендерин тапшыруу.
Кайрыла турган, маектешүү өтө турган даректер:
Бишкек ш., Профсоюз көч., №104А үйү, тел.: 0 (312) 30-73-86;
Чүй облусу боюнча: Бишкек ш., Кийизбаев көч., №206 үй;
Ош шаары жана Ош облусу боюнча: Ош ш., Баялинов көч., №5 үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
Жалал-Абад облусу боюнча: Жалал-Абад ш., Байзаков көч., №53 үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
Баткен облусу боюнча: Баткен ш., Курманжан Датка көч., №15/2 үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
Талас облусу боюнча: Талас ш., Карл-Маркс көчөсү, №27 үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
Нарын облусу боюнча: Нарын ш., Ленин көчөсү, №86 үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
Ысык-Көл облусу боюнча: Каракол ш., Кутманалиев көч., №148 үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.
Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.
Комментарийлер