«УҢГУЖОЛ: МАДАНИЙ-РУХАНИЙ ЖАҢЫЛАНУУ» УЛУТТУК ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
- 02.04.2026
- 0
Бүгүн Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин жетекчилиги алдында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, мамлекеттик органдардын жана чыгармачыл союздардын жетекчилери, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрү катышууда.
Форумга өлкөнүн бардык жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан келген 800гө жакын делегат катышып, маданий-руханий өнүгүү, илим жана чыгармачыл чөйрөнүн коомдогу ролу тууралуу маселелерди талкуулашууда.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, чыгармачыл союздар менен илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген улуттук диалог аянтчасы болуп саналат.
Форум төрт этаптан турат. Алгач райондук жана облустук деңгээлде талкуулар өткөрүлүп, бүгүн алардын жыйынтыгы катары республикалык деңгээлдеги IV этап уюштурулууда.
Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун багыттары, чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери, ошондой эле илим, билим берүү жана чыгармачылык тармактарындагы реформалар талкууланууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар жана демилгелер айтылып, маданият менен илим тармактарын системдүү өнүктүрүүгө багытталган чаралар каралууда.
Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы иштелип чыгып, резолюция кабыл алынары күтүлүүдө.
Адистердин айтымында, бул форум мамлекеттик органдар, чыгармачыл чөйрө жана илимий коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, улуттук маданий саясатты жаңы деңгээлге чыгарууга жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Комментарийлер