УҢГУ ЖОЛ ЖАНА АЗЫРКЫ МЕДИА САЯСАТЫ

  • 12.11.2025
  • 0

14-ноябрда КЭАУда “Журналистика жана Уңгу жол доктринасы: азыркы медиа саясат” тегерек столу өтөт.

Маалымдалгандай, Кыргызстан эл аралык университетинин фиология жана азыркы тилдер кафедрасы уюштуруп жаткан тегерек столдо ата мекендик практикалык жана академиялык медиа мейкиндигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда Журналистика жана Уӊгу жол доктринасынын алкагындагы азыркы медиа саясаттын көрүнүшү туралуу талкуу болмокчу.

Медиа каражаттардын өкүлдөрүн топтогон иш-чара окуу жайдын журналистика багытында билим алган студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда жүргүзүлмөкчү.

Иш-чара саат 14:00до КЭАУнун Батыш кампусунда, 100 аудиторияда өтөт. Суроолор боюнча 0700861767 телефонуна кайрылса болот.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер