ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА

  • 14.06.2023
  • 0

13-июнда Кыргызстанга  Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы орто мектептерде англис тилин окутууну колдоо үчүн АКШнын Тынчтык Корпусунун 26 ыктыярчысы келди.

ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА

Бул 1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында ыктыярчылык кызматты аткарып келе жаткан Тынчтык Корпусунун — 29-ыктыярдуу тобу. Алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен АКШ ортосунда  1992-жылы кол коюлган келишимдин негизинде жергиликтүү мугалимдердин  потенциалын күчөтүшүп, мектептерге  англис тилин үйрөнүү ресурстарын түзүүдө же кеңейтүүдө жардам беришет. Ыктыярчылар алдын 11 жумалык даярдыктан өтүшмөкчү.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер