ТУУ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 02.03.2024
  • 0

Бишкек шаарындагы №94 жалпы билим берүүчү мектебинде 3-март Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

ТУУ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Салтанаттуу жыйынга мектептин директору Ажыгулова Кенже Кадыровна, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бектурганова Нургүл Шаршенбековна, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Самүдүнова Айсалкын Жапаровна жана ошондой эле кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин мугалимдери, 10-11-класстардын окуучулары катышты. Салтанаттуу жыйындан кийин 11-класстардын окуучулары кыргыз тили жана адабияты мугалими Тажибаева Гүлмиранын коштоосунда жаңы тууну көтөрүп, жөө жүрүшкө чыгышты. Майрамдык салтанат мектептин спорт залында улантылып, 9-класстардын окуучулары Туу күнүнө карата  ырларды көркөм айтып, мекенди даңктаган патриоттук ырларды ырдап беришти. Таасирдүү иш-чара жаңы кабыл алынган тууну мектептин алдындагы флагштокко илүү менен аяктады.

Буайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер