ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КӨРКӨМ  СҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ  

  • 01.05.2024
  • 0

2024/2025-ОКУУ ЖЫЛЫНА ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛАТ

Урматтуу жаш абитуриент!

Кыргыз  Республикасынын   академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм  сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжи,  толук   бюджеттик  билим алууга чакырат!

ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КӨРКӨМ  СҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ  

Эгерде сиз 9 -11- класстарды аяктап, көркөм сүрөт жаатында таланттуу болсоңуз, анда Бишкек шаарында жайгашкан колледжибизге, толук бюджеттик негизде мыкты, чебер, таанымал, сүрөтчү, педогогтордун колунан, мыкты программалардын негизинде, индивидуалдык мамиле аркылуу окуп адис болгуңуз келсе, биз сизди күтөбүз.

ТУРГУНБАЙ САДЫКОВ АТЫНДАГЫ УЛУТТУК КӨРКӨМ  СҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ  

Бизде окутуучу бөлүмдөр, адистиктер бардык лицензия жана сертификаттарга ээ. Алар:

Скульптура –  сүрөтчү — скульптор –окутуучу.

Живопись – сүрөтчү-живописчи-окутуучу.

Декоративдик көркөм искусство жана элдик кол өнөрчүлүк —

сүрөтчү чебер  (көркөм карапачылык)

Дизайн тармактар боюнча –  сүрөтчү  дизайнер.

Интерьер жана экстерьер дизайнери.

Өнөржай графикасы (графикалык  дизайнер).

ОКУУ ЖАЙГА ТАПШЫРЫШ ҮЧҮН  КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Фото ¾ 4 даана
  2. Туулган тууралуу күбөлүк (паспорт)
  3. Орто мектепти аяктады деген документ (аттестат)
  4. Мед.справка №086
  5. Карандаш мн тартылган 10 даана А3 сүрөт (рисунок)
  6. Боёктор мн тартылган 10 даана А3 сүрөт (живопись)

Байланыш үчун телефондор жана шилтеме:  Инстаграмм: artcollege_nahkr

    Тел: 0709-201-014      0502-408-846     0703-90-11-00

Сизге ийгилик каалап Көркөм сүрөт колледжинде күтөбүз!

Бөлүшүү

Комментарийлер