Туманбаев: “Мурас” турак жай комплексинде бала бакча жана мектеби кошо курулат
- 12.01.2026
- 0
2026-жылдын 12-январында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) батирлерин тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жалпы элге кайрылуу жасады.
Анын айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу 24 кабаттуу, эң бийик турак жайлар пайдаланууга берилүүдө.
«Бүгүн биз өлкө тарыхында алгач ирет 24 кабаттуу батирлерди тапшыруу аземинде турабыз. Урматтуу Президентибиз жыл сайын бийик имараттарды куруу боюнча тапшырма берип келет. Азыр республика боюнча көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери активдүү жүрүп жатат», – деди Каныбек Туманбаев.
Ал белгилегендей, “Мурас” турак жай турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Атап айтканда, балдар ойноочу аянтчалар, 60 сотка жерде бала бакчасы жана мектеби да болот. Ошондой эле имараттардын сейсмологиялык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган. Бардык курулуш иштери адистердин көзөмөлүнөн өтүп, тиешелүү уруксаттар алынган.
Комментарийлер