«ТУҢГУЧ» ОНЛАЙН МЕКТЕБИ СТАРТ АЛДЫ
- 01.09.2025
- 0
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып борборубузда өлкөбүздөгү алгачкы онлайн мектеп иштей баштады.

Мындан ары ата-энеси менен сыртта жүргөн окуучуларга мектептин географиялык жактан алыстыгына карабай өз тилинде билим алуусуна зор мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул категорияга ден соолугуна байланыштуу өз мектебине бара албаган балдар да кирет.
— Окуучуларыбыздын басымдуу бөлүгү Орусиядагы мигранттардын балдары болууда. Алар үчүн окуу ишине зарыл заманбап электрондук китептер жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде даярдалып бүттү, — дейт онлайн мектептин директору Касымалиев Мурат Усонакунович.
Аралыктан билим берүүчү бул билим ордосуна өз предметин эң мыкты билген дасыккан педагогдор жумушка тартылганын кабарлай кетели. 1-августтан тарта кабыл алуу www.tunguch.kg сайтында онлайн форматта жүрдү.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер