ТИЛЕК МУРАТАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН БИЛЬЯРД ТУРНИРИ
- 16.11.2025
- 0
2025-жылдын 15-ноябрда Бишкек шаарындагы “Бильярд №1” бильярд клубунда кыргыз элинин сыймыктуу уулу, китеп басма тармагынын чыгаан адиси, Кыргызстандагы китеп чыгаруунун флагманы болуп калган “Турар” басмасынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын жазуучулар бирикмесинин башкы катчысы, “Даңк” медалынын ээси, меценат Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык VI турнири курч мүнөздө атаандаштык маанайда өттү.
Турнир башталаар алдында уюштуруучулар жана катышуучулар Тилек Мураталиевге багышталып, куран окутулуп, эскерүү болду.
Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан тандалган 16 бильярд чебери катышты.
Быйылкы алтынчы ирет өткөрүлгөн турнирдин ачылыш салтанатына Ардактуу коноктору катары СССРдин кунг-фу жана каратэ-до федерациясынын президенти, СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, Чыгыш жеке таймаш өнөрү боюнча эл аралык борбордун президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс- депутаты, Кыргызстандын дунгандар ассоциациясынын Ардактуу президенти, Кыргыз Эл артисти, каратэ-до боюнча 6-дан кара курдун ээси Есен Исмаилов жана Кыргызстандын Казакстандагы жана Малайзиядагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчи болуп кызмат өтөгөн Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов катышып, Тилек Мураталиевдин ишмердиги тууралуу айтып, эскеришти.
Кыргыз Эл артисти, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Есен Исмаиловдун айтымында Тилек Тураркуловичти Кыргыз Улуттук университетинин география факультетинде окуп жүргөн бери жакшы таанып, студент кезинде каратэ-до менен машыккан. Кийин дагы алар көп жылдар устат шакирт катары байланышып турган.
“Турар” басмасынын жетекчиси Улан Мураталиев турнирдин Ардактуу мейманы болгон Есен Исмаиловго “Тилек Мураталиев атындагы “Доор инсаны”- медалын, “Турар” басмасынан чыккан китептерди жана баалуу белектерди тапшырды. Есен Жумазович дагы мелдеште күчтүүлөр жеңишке жетүүсүн каалады.
10 сааттан ашуун курч таймашууларга күбө болдук. Биринчи орун үчүн финалда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, доценти, тарых илимдеринин кандидаты Алымбек Тынысбекович Кушубеков менен «Креатив-Таалим билим берүү комплексинин финансы директору Улан Алтымыш уулу беттешип, Улан Алтымыш уулу чеберчилигин көрсөтүп, Гран-При баш байгени “Тилек Мураталиевдин түстүү сүрөтү түшүрүлгөн Чоң Хрусталь Кубогун, биринчи даражадагы Диплом, алтын медаль жана акчалай сыйлыкты жеңип алды. Уланга “Тилек Мураталиев атындагы “Доор инсаны”- медалы да тапшырылды.
Экинчи орунга окумуштуу, доцент Алымбек Кушубеков ээ болуп, күмүш медаль, экинчи даражадагы диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Байгелүү үчүнчү орун Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык турнирдин эки жолку чемпиону, жеке ишкер, “Асман” фирмасынын негиздөөчүсү Авалкан Орунбаевге ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды быйылкы турнирдин демөөрчүлөрү Тилек Мураталиевдин иниси Мисландын достору Максат Чокморов, Жеңиш Сыдыков, Эмил Дүйшөнбиев, Турат Үсөнов жана башкалар тапшырышты.
Маркум Тилектин бир туугандары быйылкы турнирди уюштуруп, акчалай сыйлыктарды берип, кыргыз элинин меймандостугун, ынтымагын көрсөтүп, демөөрчү болгон Мисландын досторуна терең ыраазычылыгын билдиришти.
— Досубуз Тилектин жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин жыл өткөн сайын өрүшү кеңейип, оюнчулардын чеберчилиги жогорулап баратат. Тилек досубузду эскерүүгө арналган мелдештин Ардактуу мейманы болуп келген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс- депутаты, Кыргызстандын дунгандар ассоциациясынын президенти, Кыргыз Эл артисти, каратэ-до боюнча СССРде биринчи болуп кара курдун ээси болгон Есен Исмаиловдун Тилекти эскерүүсү абдан таасирдүү болду. Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов агайдын мелдешке активдүү катышканы замандаштарга үлгү. Тилек досубуз уюштурган “Арча” сыйлыгынын алгачкы лауреаты да Акбар агай болгон. Жазуучулар союзуна дагы Тилекти башкы катчы кылып дайындоо жыйынында мен модератор болгом. Тилек досубуз “Ала-Тоо” журналын көп жыл өз каражатына чыгарып, айрым акын-жазуучулардын китептерин дагы бекер чыгарып, колдоого алып турган -дейт Тилектин досу, Кыргыз Эл акыны Жедигер Саалай.
Кийинки жылда өтө турган турнирдин эстафетасын Тилектин инилери Догдурбек Сыдыгалиев, Канат Дайырбеков жана Улан Алтымыш уулу алышты.
“Даңк” медалынын ээси, маркум Тилек Мураталиев көзү тирүү болсо быйыл 16-ноябрда 65 жашка чыкмак.
Тилек Мураталиев канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергени, далай кайрымдуулук, демөөрчүлүк иштерди аткарганы эле анык айкөл, жоомарт экенин далили. Мындан тышкары «Ала-Тоо» жана «Литературный Кыргызстан» журналдарын да өз каражатына чыгарып келген. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турар» басмасынан чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди, туу чокусу болуп калган эле.
Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү Тилек чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болгон эле. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон «Ала-Тоо» журналын өз демилгеси менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турган. Анан дагы балдар үчүн таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген ой-тилеги да бар эле.
«Турар» басмасынан көркөм-адабияттар, илимий-популярдуу басылмалар, балдар үчүн жомоктор, журналдар жана башка чыгармалар жарык көрүп, элдин купулуна толуп, макталып да, даңкталып да келди. Бир гана Кыргызстанда эмес, Чыгыш Азия, КМШ, Түркия жана башка өлкөлөр менен өнөктөшүп, эл аралык кызматташтыкты өрчүтүү менен китеп көргөзмөлөрүнө катышып, алдыңкы номинацияларды, сыйлыктарды алып, өз жүзүн көрсөтө алды.
Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү, эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиевдин демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун Эл аралык «Ысык-Көл» форумунун колдоосу алдында «Турар» басмасы жана «Ала-Тоо» адабий журналы 2011-жылы мыкты прозалык, поэзиялык чыгармаларга, котормолорго республикалык «Арча» сыйлыгынын сынагын жарыялаган. Аталган «Арча» адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана 100 миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылып, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылып, адабий саамалыктарды даңазалаган эле.
Ал лауреаттардын арасында Кыргыз эл акыны жана романчы Акбар Рыскулов, Кыргыз Эл жазуучусу, тарыхчы Арслан Койчиев, акын, жазуучулар Абдыкерим Муратов, Бейшебай Усубалиев, Сергей Степанов, Жыргалбек Касаболотов, Керимбек Кадыракунов, Мырзаян Төлөмүшов жана башкалар бар.
Тилек Мураталиевдин демилгеси менен кыргыз элинин көөнөрбөс көркөм байлыгы «Манас» эпосун Саякбай Каралаевдин, Тоголок Молдонун, Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда, «Семетей» эпосун, Буудайбек Сабыр уулунун «Кыргыз эл жомокторун», Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда», Казат Акматовдун «Тринадцать шагов», Б.Жакиев, Э.Турсунов, М.Абакиров, К.Сыдыкова, Ф.Абдалова, Ж.Жапиев, М.Мамазаирова, А.Саспаев, А.Көлбаев, А.Карыбаев, М.Төлөмүшов, Ж.Саалай жана башка көптөгөн акын-жазуучулардын китептерин жогорку сапатта бекер жана арзан чыгарып, аларга калем акы да бергени бар.
Ал адамгерчилиги бийик, кайрымдуулугу өтө жогору инсан болгон. Жетим балдар үйүнө 20 жылдан ашуун, Улуттук жазуучулар союзуна 10 жылдай акчалай колдоо көрсөтүп келген. Ошондой эле коронавирус менен күрөшүүдө өз демилгеси менен акчалай жардам берип турган.
Жаратылыштын кырсыгы — жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунун элине материалдык чоң көмөк көрсөтүп, элин сабырдуулукка, токтоолукка, чыдамдуулукка чакыруу менен калайык-калкына дайыма тынчтыкты, бейкутчулукту тилеген алдыңкы уулдарынын бири болгон. Тилек жалгыз эле бир туугандарына эмес, досторуна, жакшы санаалаштарына өтө күйүмдүү, боорукер, мекенчил адам эле.
Белгилүү басма ишкери Тилек Мураталиев 2020-жылдын 20-августунда жүрөк оорусунан көз жумган эле. Ал 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма иши боюнча жигердүү ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы кызматын аткарган.
Тилектин жаркын элеси, жаратмандык эмгектери элдин эсинен эч качан унутулбайт!
Кабыл Макешов,
турнирдин башкы калысы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Комментарийлер