ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ КМУДА АЧЫЛДЫ

  • 25.08.2023
  • 0

25-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Фарс тили жана иран маданияты борбору ачылды.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ КМУДА АЧЫЛДЫ

 

Борбордун максаты – иран элинин байыркы маданиятын жана тарыхын изилдөө, фарси тилин тереңдетип үйрөнүү, дүйнөлүк цивилизациялардын биринин каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу, ошондой эле бул багытта билим алып жаткан студенттердин чөйрөсүн кеңейтүү.

ТИЛ ЖАНА МАДАНИЯТ БОРБОРУ КМУДА АЧЫЛДЫ

Фарс тили жана иран маданияты борбору Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу байланышты чыңдоодогу чоң кадам болуп саналат. Жогорку билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өз ара байытууга, кызматташууга жана өнүктүрүүгө багытталат.

Аталган борбор Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун фундаменталдык жана прикладдык лингвистика бөлүмүнүн базасында түзүлдү.

Борбордун ачылыш аземине Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Иран Республикасынын аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман Мохсени, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев , КР Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор, профессор Айсулуу Бейшенова жана окуу жайдын өкүлдөрү катышты.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер