ТЕРМИНОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮКТӨР ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 04.07.2024
  • 0

Бишкекте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан даярдалган 10 тармактык терминологиялык сөздүктүн бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чараны Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, терминологиялык сөздүктөр ар кайсы тармакта эмгектенген кызматкерлердин иштерин дагы да жеңилдетерин жана аларды чыгарууга салым кошкон жалпы эмгек жамаатка ыраазычылыгын билдирди.

Китептин бет ачарына сөздүктөрдүн авторлору, түзүүчүлөрү, терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Жарыкка чыккан терминологиялык сөздүктөрдүн тизмеси:

  • Салык терминдеринин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгү;
  • Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгү;
  • Курулуш, архитектура тармактарындагы атоолордун, сөз айкаштарынын кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгү;
  • Дары каражаттардын жана медициналык буюмдардын орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгү;
  • Медицинада көп кездешүүчү терминдердин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү;
  • Биологиялык терминдердин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүгү;
  • Философия терминдеринин сөздүгү;
  • Музей терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү;
  • Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык аталыштарынын сөздүгү;
  • Статистика атоолорунун (терминдер жана сөз тизмектери) орусча-кыргызча сөздүгү.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер