ТЕМИР ЖОЛЧУЛАР ЛИЦЕЙИ БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН 80 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ
- 26.10.2022
- 0
25-октябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырова башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына карата №97 темир жолчулар кесиптик лицейинде өткөн маарекелик иш-чарага катышты.
“Ата-энелер бизге балдарын аманат катары берүүдө. Бул үчүн ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Балдарга татыктуу билим берүү биздин негизги милдетибиз болушу керек”, — деп билдирди министрдин орун басары.
Комментарийлер