ТАЗА КООМ -ТАЗА ЖАШОО

  • 22.10.2024
  • 0

Талас облусунун Айтматов районундагы Т.Бабанов атындагы жатак-лицейинде 2017-жылдан баштап 22-апрель Жер күнүнө карата дайыма иш-чаралар уюштурулуп келет.

ТАЗА КООМ -ТАЗА ЖАШОО

География сабагынын мугалими Албанова Замира Молдокуловна лицейдин окуучулары менен иш-чара уюштуруп, кызыктуу таймаштарды, тегерек столдорду өткөрүп келет. Мисал катары; 2021-жылы «Жер күнү» аталышында декада уюштурулуп, «Жер бирөө гана» аталышында конференция, география сабагынан «Кереметтүү тоолор» аталышында кечеси, 2022-жылы 12-апрелде «Бир түп дарак кессең, ордуна миң түп тал тик» аталышында ишембилик, «Жер — жалпыбыздын үйүбүз» аталышында акция, 22-декабрда «Аруулукка, улуулукка чулганган, бул ааламдын башталышы тоолордо» аталышында акыл таймашы, 2023-жылы 22-апрелде «Таза коом -таза жашоо» акциясы,  2023-жылы «Өрнөктүү журт — амалдуу» аталышында тегерек стол уюштурулган.

ТАЗА КООМ -ТАЗА ЖАШОО

ТАЗА КООМ -ТАЗА ЖАШОО

Лицейде 8-11-классынын окуучулары «Глобус» ийрими уюштурулуп, ийримде 15 окуучу иш-чараларга, предметтик олимпиадага даярдык жана жаратылышка байкоо иштерин жүргүзөт. 2024-жылдын сентябрь айында «ЭКО Нова» клубу уюштурулуп, 17-октябрда «Экология келечек үчүн глобалдуу маселелер жана чечүү жолдору» аталышында 8-10-класстарынын окуучуларына 10-а классынын окуучусу Молдокулов Илимбек тренинг өткөрдү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер