ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМ

  • 17.02.2025
  • 0

2025-жылдын 14-февралында Кең-Булуң айыл аймагына караштуу Ивановка айылында жайгашкан №1 мектепте басма чөйрөсүндө, кулинария жана кийим тигүү жаатында бизнес-долбоорлорду баштай турган келиндерге жабдууларды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.

ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМ ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМ

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда сегиз үй-бүлө киреше алып келе турган ишмердүүлүктү баштоого жана аялдардын ишкердигин колдоого багытталган жабдууларды алышты.

ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМ

Жабдуулар Улуу Британия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Демилгелүү ишкер аялдар» коомдук фонду (DIA) менен өнөктөштүктө International Alert тарабынан ишке ашырылып жаткан «Татыктуу жашоо» долбоорунун алкагында сатылып алынды.

ТАТЫКТУУ ЖАШООНУ КӨЗДӨЙ  МААНИЛҮҮ КАДАМ

Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар жана долбоорго катышкан үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү катышты. Чүй облусунун сегиз бенефициар үй-бүлөсү үчүн бул жабдуулар татыктуу жашоону көздөй маанилүү кадам болду. Долбоордун катышуучулары жана алардын үй-бүлөлөрү алты ай бою үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана экономикалык укуктарын бекемдөө үчүн жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган «Татыктуу жашоо» методологиясын үйрөнүштү.

Жабдуулар басып чыгарууга, тамак жасоого жана кийимдерди өндүрүүгө арналган.

Долбоор Улуу Британия Өкмөтүнүн эл аралык өнүгүү боюнча каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордо айтылган көз караштар сөзсүз түрдө Улуу Британия Өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Жабдуулар менен камсыз кылуу – бул узак мөөнөттүү ийгиликтерди камсыз кылуу үчүн коммуникация, рынокто иштөө жана финансылык башкаруу боюнча көндүмдөргө үйрөтүүнү камтыган комплекстүү мамиленин бир гана аспектиси болуп саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер