ТАШ-КӨМҮРДӨ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 3 БАЛА БАКЧА ТҮЗҮЛДҮ
- 09.10.2024
- 0
Таш-Көмүр шаарындагы «Мишутка», «Жомок» бала бакчаларынын жана Т. Сатылганов атындагы №4 мектептин базасында кыска мөөнөттүү (3 сааттык) тайпалар түзүлдү.
Балдар бакчада эки нөөмөт менен тарбияланууда: 1-топ саат 9:00дөн 12:00гө чейин, 2-топ 13:00дөн 15:00гө чейин.
Аталган бала бакчалардын бөлмөлөрү, керектүү жабдыктар, санитардык-гигиеналык шарттар, балдар үчүн куралдар, аянтчалар жана тарбиячылар үчүн колдонмолор Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан камсыздандырылды.
Бакчалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүп жатат. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат. Бул бакчаларда билим алуу акысыз.
Комментарийлер