ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 03.12.2020
  • 0

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Нурбек Жоошбаев дайындалды.

Н.Жоошбаев Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай шаарчасында 1988-жылы 30-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

1995-2004-ж. Таш-Көмүр шаарындагы азыркы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, 2004-2007-ж. Ноокен районундагы №108 Кесиптик лицейдин «айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» адистиги боюнча күндүзгү бөлүмүн, 2007-2013-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Адистиги — тарых мугалими.

Эмгек жолун 2006-жылы Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебинде эмгек мугалими болуп баштаган. 2010-2013-жылга чейин Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгына көтөрүлүп, жигердүү иштеген. Ал эми 2013-2014-жылдары Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматын аркалаган. 2015-жылы «Жылдын мыкты мугалими — 2015» сынагынын шаардык, облустук турларын жеңип, республикалык турдун активдүү катышуучусу.

2015-2016-ж. Таш-Көмүр шаарына караштуу М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору кызматын аркалап, 2016-ж. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Окуу-усулдук кабинеттин башчысы болуп эмгектенди.

2017-2019-ж. Таш-Көмүр шаарындагы Кенжалы Осмонкулов атындагы орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2019-жылдын 17-декабрынан 2020-жылдын 26-декабрына чейин А.С. Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору кызматын аркалаган.

Билим берүү тармагында он төрт жылдан бери талыкпай иштеп келатат.

«Балдар жана өспүрүмдөр уюмунун ишин жүргүзүү» аталышындагы усулдук колдонмонун, ондон ашык илимий-публицистикалык макалалардын автору. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер