ТАРМАКТЫК КОМИТЕТ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДООГО БАГЫТТАЛГАН МАКУЛДАШУУЛАРДЫ ЖАКТЫРДЫ

  • 07.04.2026
  • 0

ТАРМАКТЫК КОМИТЕТ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДООГО БАГЫТТАЛГАН МАКУЛДАШУУЛАРДЫ ЖАКТЫРДЫ

Бүгүн, 7-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда жактырылды.

ТАРМАКТЫК КОМИТЕТ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДООГО БАГЫТТАЛГАН МАКУЛДАШУУЛАРДЫ ЖАКТЫРДЫ

Анын ичинде 2025-жылдын 14-октябрында АКШнын Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу өзгөчө көңүл борборунда болду. Документке ылайык, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун кошумча каржылоого 6,36 млн АКШ доллары бөлүнөт. Анын 4,36 млн доллары жеңилдетилген кредит, ал эми 2 млн доллары гранттык техникалык жардам катары каралган. Кредиттин мөөнөтү 50 жылды түзүп, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен, пайыздык чени 0% деп белгиленген.

Мыйзам долбоорун жыйынга агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев тааныштырды. Анын айтымында, долбоор мектепке чейинки билим берүү системасын комплекстүү колдоого багытталып, балдарды бала бакча менен камтууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк моделин пилоттук негизде ишке киргизүүгө шарт түзөт.

Талкуу маалында депутаттар калыбына келтириле турган жана жабдылуучу имараттарды тандоо критерийлери, ошондой эле бала бакчалардагы орундарды көбөйтүү үчүн каралган 128 кошумча бөлмө боюнча суроолорду узатышты. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова тандоонун негизги эки критерийин белгиледи: бала бакчага болгон муктаждык жана ылайыктуу имараттын болушу. Ошондой эле бардык аймактар тең шартта караларын кошумчалады.

Мындан тышкары, комитет Азия өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн бир катар макулдашууларды да карап, аларды биринчи окууда колдоду. Бул документтер өзгөчө кырдаалдар учурунда каржылоону камсыздоого багытталган. Анын алкагында Кыргызстанга 28,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттар берилмекчи.

Жыйынтыгында, каралган мыйзам долбоорлору өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын чыңдоого багытталган маанилүү кадам катары бааланды.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер