ТАМЧЫДАН КӨЛ КУРАЛАТ, ТЫЙЫНДАН ӨМҮР УЛАНАТ
- 31.10.2024
- 0
Кел, замандаш кайрымдуулук кылалы,
Сооп болсун, өзүң салган салмагың!
Жан дүйнөнү эзип барат карасаң,
Жардам сурап тургандар бар санасаң.
Жашоо баркын сезбей, туйбай калганча,
Жүрөк канап, жандай өтүп баратам.
Жүр, замандаш! Кайрымдуулук кылалы,
Жаш жүрөктү ыроолосун жарык шам!
Ж. Шамшиев.
Талас шаарында өткөн “Мээримдүү тыйын” акциясына ТалМУнун алдындагы “Бектур агай” маалыматтык технологиялар лицейинин окуучулары, мугалимдери активдүү катышты. Окуучулар чогулткан кутучаларын ачып, “Элим барсыңбы? “ кайрымдуулук фондуна өз салымдарын кошту.
“Тамчыдан көл куралат, тыйындан өмүр уланат” демекчи, чогулган каражаттар муктаж жарандарга көмөк көрсөтүп жана жаш муундарга боорукерликке, ыймандуулукка, кайрымдуулукка, берешендикке тарбиялоо болуп саналат.
Фонддун жетекчиси Арстаналы уулу Бекназар келген конокторго ыраазычылык билдирип, жасаган иштери тууралуу маалымат берди.
Конок катары чакырылган ТалМУнун мамлекеттик тил проректору К.Т.Жунусалиева катышкан кайрымдуулук кылган жарандарга жана колдорунда кутучаларын сүйүнүч менен тапшырып жаткан окуучуларга жоопкерчилик менен мамиле жасаган мектеп жетекчилерине рахматын айтып, бүгүнкү чогулган тыйын да айрым бир үй-бүлөлөргө кубаныч тартууларын айтып, фонддун ишине ийгилик каалады. Майрамдык маданий программа тартууланып, лотереялар ойнотулду.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э.Сейдикеримова куттуктоо сөз сүйлөп, фонд өсүп-өнүгө беришине тилектештигин билдирди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер