ТАЛБАГАН ЭМГЕК — ЗОР ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

  • 03.03.2026
  • 0

Талас шаарындагы  № 5 орто мектебинин химия  сабагынан мугалими Махабат Тойлубаева  эмгек жолун ушул мектептен баштаган. Ал 1996-жылы КМУУнун  химия жана технология факультетин  бүтүргөн. Азыркы учурда бир нече сыйлыктын жана  “Эл агартуунун мыктысы” төш  белгисинин ээси.     

Махабат эжей мектептин босогосун аттагандан баштап  окуучуларды   облустук жана райондук олимпиадаларга даярдай  баштаган.  2001-жылы  анын окуучусу Алтынай Жаныбекова   башында турган бир нече окуучулары   республикалык  олимпиаданын катышуучулары  боло алышты. 2008-2009-жылдары  балдар жана кыздар  “Себат” лицейинде  кружоктук  иш алып барып, жыйынтыгында  үч окуучусу дагы  республикалык  олимпиадага катышкан.

2009-жылдан баштап  ушул күнгө чейин  Талас облустук лицей-комплексинде  иштеп келатат. Бул  лицейде ал даярдаган бир нече  окуучулар райондук, облустук олимпиаданын  жеңүүчүлөрү боло алышты.  Алардын ичинен    2015-жылы Алыбай  Жакшылыков  республикалык олимпиадага чейин барды.  Андан кийин дагы  окуучулары чоң-чоң ийгиликтерге жетишип, республикалык   сынактын жеңүүчүлөрү болбосо дагы, катышуучу деген ардак наамга татыктуу болушкан. Анын окуучуларынын бардыгы  учурда мыкты дарыгерлер.

— Бүгүнкү күндө чоң ийгиликтерди багынтып  жаткан  Токтогонов Улукбек республикалык олимпиадага катышкан    окуучуларымдын ичинен 17-окуучу. Аны 8-класстан баштап  химия сабагынан олимпиадага даярдай баштадым. 9-классында  райондук, облустук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп,  республикалык олимпиадада 2-орунга ээ болду.  Быйылкы 2025-2026-окуу жылында  райондук, облустук  олимпиадада  байгелүү орунга жетип, республикалык олимпиадага жолдомо алды. Келечекте  Токтогонов Улукбек, чоң-чоң ийгиликтерди жаратып,  Кыргызстанга салымын кошкон мыкты инсан болооруна терең  ишненем! — дейт мугалим.

       ТАЛБАГАН ЭМГЕК - ЗОР ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ        ТАЛБАГАН ЭМГЕК - ЗОР ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Улукбек Токтогонов 7-класска чейин Талас  облусундагы  Бакай-Ата районундагы  Токтогул Чолушев атындагы орто мектепте окуган.

— Дал ушул мектеп менин билимге болгон кызыгуумдун, максаттарымдын жана келечекке болгон ишенимимдин пайдубалын түптөдү. 8-класстан баштап  Талас облустук лицей-комплекси окуу жайында билим ала баштадым. Жаңы чөйрө, жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы максаттар… Дал ушул мезгилде менин жашоомдо химия сабагы пайда болду. Химия  8-класста кирген сабак болсо да, ал дароо эле менин жүрөгүмө жакын болуп калды. Мени өзүнө тартып, изденүүгө шыктандырган Тойлубаева Махабат эжейим болду. Ошол учурдан баштап мен олимпиадага даярданып келем. Менин ийгилигимдин артында эмгек, тынымсыз аракет жана колдоо турат. Мага багыт берип, дем берип, билимге болгон сүйүүнү күчөткөн химия мугалимим  Махабат Мискенбаевна. Анын сабырдуулугу жана кесипкөйлүгү мен үчүн чоң таяныч болду, — дейт окуучу.

Улукбек 9-класста бир жылдык талыкпас даярдыктын жыйынтыгында 2024–2025-окуу жылындагы райондук олимпиадада 1-орунду багындырган. Облустук этапта 2-орунга жетишкен.

— Ал эми республикалык олимпиадага барганда, чынын айтсам, орун алам деп анчалык ишенген эмесмин. Мен үчүн ал этаптын өзү чоң жетишкендик эле. Бирок жыйынтык чыкканда 2-орунду ээлегенимди укканда кубанычымда чек болгон жок. Бул мен үчүн күтүлбөгөн, абдан толкунданткан жана унутулгус көз ирмем болду. 10-класста — 2025–2026-окуу жылында да ийгиликтер уланып, райондук этапта 1-орунду, облустук этапта 1-орунду багындырдым. Натыйжада, республикалык олимпиадага жолдомо алып, дагы бир чоң таймашка кадам таштадым. Мен бул жетишкендиктерим үчүн ата-энеме жана башка колдоо көрсөткөн бир туугандарыма чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздердин дем-күчүңөр, ак баталарыңар жана колдооңор мен үчүн абдан баалуу. Мен мындан ары да билим жолунда талыкпай эмгектенип, Кыргызстандын мыкты нейрохирургу болуп чыгышыма ишенем, — дейт жеңүүчү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер