ТАЛАСТЫК 861 МУГАЛИМ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 04.06.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылында Талас билим берүү усулдук борборунда 491 мугалим курстан окушса,  кѳчмѳ курстан (РИПК) 370 мугалим билимин жогорулатып жалпы облус боюнча 861 мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатышты.

ТАЛАСТЫК 861 МУГАЛИМ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Борбордун усулчусу Омургазы Ыстамбек уулунун маалыматына таянсак, 2023-жылдын сентябрь  айында  КР эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминов жана профессор  Кыргызбай Добаевдин катышуусунда мектептин жетекчилерине, мугалимдерге, ата-энелерге  семинарлар уюштурулган.

ТАЛАСТЫК 861 МУГАЛИМ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫТАЛАСТЫК 861 МУГАЛИМ КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

— 2024-жылдын май айында Россия Федерациясынын колдоосу менен Санкт-Петербургдан келген профессорлор семинар өтүштү. Республикадагы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн математика боюнча предметтик стандарттын талаптарын окуу китептерди, жаңы кошумча окуу материалдарды колдонуу менен натыйжалуу ишке ашыруунун практикалык ыкмаларын мугалимдерге түшүндүрүү максатында “Кыргыз жана орус тилдеринде окуткан башталгыч класстардын мугалимдери үчүн математика курсунун мазмунунун айрым бѳлүмдѳрүн окутуунун ѳзгѳчѳлүктѳрү” деген темада башталгыч класстардын мугалимдери үчүн бир күндүк семинар уюштурулду. О.э.  облустун мектеп директорлору үчүн атайын  72 сааттык курс өтүлдү анда профессор К.Добаев агайды чакырганбыз,  Таласка келип лекция өттү. Учурда предметтик  окуу курстарыбыз аягына чыкты. Окуу жылынын башында коюлган  пландарыбыз ашыгы менен аткарылды, — дейт борбордун директору С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер