ТААЛИМИ КҮЧТҮҮ СЕМИНАР
- 12.01.2026
- 0
Жакында Алай районундагы №33 Сарбан Жаанбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Уңгужолго негизделген билим жана тарбия — келечекке бекем пайдубал” деген темада семинар болуп өттү.

Аталган семинарды Жибек-Жолу айыл
аймагындагы Амат Жээнбеков, Сатар Карыев атындагы орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери уюштурду. Окуу ишине райондогу кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, жергиликтүү бийлик
өкүлдөрү, мектеп директорлору, билим берүү кызматкерлери катышты.
Семинарды Сарбан Жаанбаев атындагы мектептин директорунун милдетин аткаруучу Санжар Рахманбердиев ачып, бул билим берүү мекемесинин тарыхы, учурдагы мугалимдер жамаатынын ийгиликтери, окуучулардын олимпиада жана ар кандай кароо-сынактарда жетишкендиктерин айтып, мектептеги предметтик бирикмелердин, ийримдердин иштери менен тааныштырды.

Андан соң ачык сабактар өтүлдү. Сарбан Жаанбаев атындагы орто мектептен
Элзана Бегиева 5-класска “Сөздүн лексикалык жана грамматикалык мааниси”, Нүргүл Тешебаева 6-класска “Сын атооч”, Амат Жээнбеков мектебинен билим берүүнүн мыктысы, “Жылдын мыкты мугалими — 2009” сынагынын гран-при сыйлыгынын ээси Нурмиза Кенжебаева 5-класска ”Сөздүн эмоцианалдык мааниси”, 7-класска Анафия Бакыева “Кырыз эли колдонгон чен бирдиктери”, Сатар Карыев мектебинен Курманбек кызы Кулпунай 5-класска “Лексика”, Алиева Тургунбү 8-класска “Класстан тышкаркы окуу” деген темадагы сабактарды өтүп беришти. Таалими күчтүү семинардын катышуучулары ачык сабактарды даярдаган мугалимдер тынымсыз изденүү менен иштеп, окутуунун заманбап усулдарын кеңири колдонушуп, ийгилик жаратып жаткандарына күбө болушту.
Семинардын экинчи бөлүгү класстан тышкаркы иштерге арналды.

А.Жээнбеков мектебинен Маматкерим Жумабаев, Бекмурат Бообековдор “Көркөм чыгармаларда чагылдырылган кыргыз элинин улуттук буюмдары окуучулардын долбоордук иштеринде”, С.Карыев мектебинен Сагынбек Топчубаев менен Сыдык Мамыровдор “Кыргыз элинин улуттук-музыкалык аспаптары”, С.Жаанбаев мектебинен Касым уулу Азимбек “Манас” таануу интелектуалдык таймашы мыкты даярдалып, таасирдүү өткөрүлгөндүгү менен семинардын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты.

Семинарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Таиров, айыл
аймактын башчысынын орун басары Абдраев Таалай, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин райондук секция жетекчиси Капарова Гулкандар жыйынтыкташты. Алар өтүлгөн ачык сабактар, класстан тышкаркы иштер өз максаттарына жеткенин айтышып, семинарды уюштурган мектеп жетекчилерине, чыгармачыл жамаатка, Жибек Жолу айыл аймагындагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.
Сыдык МАМЫРОВ, Алай районундагы
№35 Сатар Карыев атындагы жалпы билим берүү мектеби-мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн мыктысы
Комментарийлер