ТҮРКИЯ: БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
- 18.07.2024
- 0
Түркияда улуттук билим берүү идеологиясынын өзгөрбөстүгү тууралуу сөздөр айтылса да туруктуулук жана ырааттуулук көрө албайсың. Айрыкча башталгыч билим берүүдөн орто билимге жана орто билим берүүдөн бүтүрүү классы андан соң жогорку окуу жайга өтүүдө байкалат. Жарандардын билим берүү системасына болгон ишеними алсырап, дээрлик жыл сайын олуттуу жана күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп турат.
Улуттук билим берүү системасы
Улуттук билим берүү системасы эки негизги бөлүктөн турат: “формалдуу билим берүү” жана “формалдуу эмес билим берүү”. Формалдуу билим берүү- конкреттүү үзгүлтүксүз билим берүү болуп эсептелет. Анда мектепте бирдей жаш курактагы жана бирдей деңгээлдеги инсандарга окуу программасына ылайык даярдалган көндүмдөр менен берилет. Аталган формалдуу билим берүүгө мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү, орто билим берүү жана жогорку окуу жайлары кирет.
Формалдуу эмес билим берүү- формалдуу билим берүү системасына кирбеген, программанын чегинен тышкары уюштурулган бардык билим берүү иш-чараларын камтыйт. Кызыкчылык жана муктаждык жаатында, башкача айтканча аралыктан билим алуу. Мектепти бүтүрө албай калгандар үчүн ыңгалуу шарт десек болчудай. Тагыраагы элге билим берүү, шакирттик даярдоо жана аралыктан билим берүү аркылуу ишке ашырылат. Элдик билим берүү борборлорунда кесиптик билим берүү курстары, эне-бала билим берүү жана сабаттуулук курстары сыяктуу ар кандай билим берүү кызматтары сунушталган.
Мектепке чейинки билим берүү
Түркия өлкөсүндө мектепке чейинки билим берүүнүн тарыхы 1900-жылдардын башталышынан башталып, бул жаатта олуттуу жылыштар болгон. Улуттук билим берүүнүн негизги мыйзамында мектепке чейинки билим берүү формалдуу билим берүү катары аныкталган. Ал билим берүүнүн этабы катары кабыл алынып, “Башталгыч билим алуу курагына жете элек балдарды милдеттүү окутуу” деп аныкталган. Бүгүнкү күндө 45 айлыктан (4 жаштан ашкан) 68 айлыкка (5,5 жаш) чейинки балдарды тарбиялоо үчүн Билим берүү министрлигине караштуу башталгыч мектептерде мектепке чейинки билим берүү прораммасы менен окутулат.
Баланын өздөштүрүүсү, адаттары жана акыл жөндөмдүүлүгүнүн эң тез өнүккөн жана калыптанган чагы мектепке чейинки билим берүү мезгили. Бул ыкманы балдардын окуу жөндөмдүүлүгүн жана академиялык жетишкендиктерине олуттуу таасирин тийгизээрин илимий изилдөөлөр жана заманбап билим берүү практикалары далилдеген. Ушул себептерден улам 0-72 айлык (0-6 жаш) баланын өнүгүүсүнүн эң баалуу, эң кызыктуу жана эң маанилүү мезгили болуп санааларын далилдешкен. Мектепке чейинки билим берүү аялдардын иштөөсүнүн (эмгектенгени) натыйжасында кеңири таралып, милдеттүү болуп саналып калды. Себеби, көңүл бурууну талап кылган мезгили 6 жаш болгондуктан ата-эне да көңүл бурбай коюуга болбойт .
Баарыбыздын муктаждыктарыбыздын маанилүү жана басымдуу бөлүгү билим алуу. Ошондой эле түрк калкынын да сабаттуулугу үчүн Билим берүү системасынын алгачкы кадамы болгон мектепке чейинки билим берүү балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү.
Милдеттүү билим алуу
Башталгыч билим алуу бул конституциялык укук жана эч бир баланы бул укуктан ажыратууга болбойт. Төрөлгөнүнөн баштап 72 айга (6 жаш) толгон бала милдеттүү түрдө 1-класска баруусу шарт жана милдеттүү. Баланы мектепке жибербей койгон учурда ата-эне (камкорчусу) жазаланат. Ал эми мектепке такай барбай, таштап кеткен балдар үчүн олуттуу көйгөйлөр чыгат. Алар үчүн так маалымат болбосо да кийинчерээк же тагыраагы чоңойгондо аралыктан окуу ыкмасы менен окуп бүтүргөндөрдү кездештүрүүгө болот.
Башталгыч билим берүүдө 1- класстан 4-класска чейинки балдар жашаган үйлөрүнө жакын, каттоого турган участогундагы гана мектепке баруусу шарт. Бирок, бул максатты толук ишке ашыруу мүмкүн эмес. Себеби, кээ бир ата-энелер балдарын башка аймакта жайгашкан мектептерге беришет. Көпчүлүгү эң алдыңкы мектептерди изилдешет же болбосо мыкты мугалим тандашат. Ошентип, өздөрүнүн жашаган участогундан башка участоктогу мектепти тандайт. Андай учурда балдар мектептин атайын окуучулар үчүн маршруттук унаалары менен катташат. Эртең менен үйүнүн алдынан окуучуларды алып кетип, сабак бүткөндө үйүнө чейин жеткизип келишет. Сабак эртең менен саат 9да башталып, негизги сабактар саат түшкү 2: 20да бүтөт. 2:20дан кийин кошумча сабактар башталып, саат 4:20 аяктайт. Кошумча сабакта балдар тапшырмаларынын көпчүлүк бөлүгүн жана жетишпей же түшүнбөй калган сабактарын кайталашат. Окуучуларды тажатып албоо үчүн драма, театр ойнотушат ага кошумча тарбия максатындагы кино, мултьфильм көргөзүшөт. Ошентип, балдар мектепке эртең мененки саат 9да кирген боюнча түштөн кийин саат 4:20 чыгышат. Бул ыкма иштеген ата-энелер үчүн өтө ыңгайлуу шарт болушу ыктымал. Бирок, баланын мектептен же болбосо сабактан тажоосуна алып баруусу мүмкүн.
Окууну улантуу
Башталгыч билим берүүдөн орто билимге өтүүдө айрым мектептер экзаменден өткөзөт. Экзамен талап кылган мектептерде класста 15-20дай гана окуучу окутулат. Сапаттуу билим берүүгө, ар бир бала менен өзүнчө иштөөгө аракеттенишет. Экзаменге кирбеген балдар жашаган участогундагы мектептерде билим алышат. Ал жакта ар бир класста 30-35 окуучудан болот. Белгилей кетсек, Түркияда башталгыч класстын мектеби өзүнчө, орто мектеп өзүнчө, ошондой эле бүтүрүү мектеби өзүнчө. Балдар ар бир төрт жылда мектеп алмаштырат. Орто мектепте 5-6-7-8-классты окуп бүтүрүшөт. Андан кийин 9-10-11-12- жогорку классты окуу үчүн үч түрдүү ыкма менен кайрадан экзамен тапшырышат. Алар сөзсүз түрдө жөндөмдүүлүк тести жана Орто билим берүүдөгү программалардан тест болуп саналат. Ошондой эле мектептеги жетишкендиктери, ийгиликтүү упайлары да кошулуп, эске алынат.
Каалоочулар үчүн Жогорку мектептерге жайгашууда кесиптик лицейлерди, спорттук орто мектептерди, көркөм өнөр лицейлерине окуучулар жөндөмдүүлүк сынагынан кабыл алынат.
Бул жакта белгилеп кетүүчү нерсе мектептин окуу куралдарынын эң маанилүүсү китептер. Китептер ар жыл сайын жаңыланып турат. Тагыраагы окуу жылын башталышында ар бир окуучу үчүн бекер жаңы китептер берилет. Жыл аягында кайра мектепке тапшырылат. Колдонулган китептер маклатурага өткөзүлүп, кайрадан жаңы басылып чыгат. Билим берүү министринин камсыз кылган китептерине карабастан мектептерде кошумча китептер менен да окутушат. Кошумча китептер ата-энелер тарабынан сатылып алынат.
Мына ошентип, Жогорку билим берүү мектебин аяктаган соң университетке кирүү экзамендери башталат. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин ишке орношуу үчүн Өлчөө, Тандоо жана Жайгаштыруу Борбору тарабынан кайрадан экзаменге киришет.
1923-1924-жылдары Түркияда 5133 мектеп болгон. Бул эсеп көбөйүп отуруп, 50 жылдан кийин тагыраагы 1972-1973-жылдардагы окуу жылында 43620 мектеп такталган. 2023-жылы Түркиянын Осмон империясынан чыгып, Түркия Республикасы деп аталышынын 100 жылдык майрамында такталган маалыматтар боюнча азыркы тапта 74549 мектеп бар. 2023-2024- окуу жылында Республиканын 100 жылдык мааракесиндеги салтанатта 19126106 окуучу билим алып жатканы аныкталды. Ошондой эле 1146177 мугалим эмгектенет.
Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай Түркиядагы жеке менчик мектептер. Баарына маалым болгондой жеке менчик мектептер мамлекеттик билим мекемелеринен өзгөчөлөнүп турат.
Окуу китептери, куралдары, сабактын жүрүшү сыяктуу программалары жагынан өзгөчөлөнгөнү менен класстагы окуучулардын эсеби дээрлик бирдей. Мектепке чейинки билим берүү класстарында 20 бала менен чектелсе, башталгыч класстардагы окуучулар саны 30 бала менен чектелет. Ошондой эле мектептин 1 жылдык окутуу акысы ар бир окуучу үчүн 300 000 ден баштап 900000 түрк лирасын түзөт. Бул сумма 1 жылдык мектепке төлөнүүчү мектептин акысы. Ал эми балдардын окуу формалары, окуу куралдары, китеп-дептер, тамактануусу жана маршруттук унаалары үчүн өзүнчө каражат төлөнөт.
Бермет Нур,
Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү,
Түркия, Стамбул шаары
Комментарийлер