Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна КУУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

  • 21.01.2026
  • 0

20-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна КУУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Салтанаттуу иш-чарада университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхы бар окуу жайды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди Төрага дайыма колдоп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан колдоолор университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, илим-билимдин сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошууда.

— Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессору” наамын ыйгарып жатабыз, — деди ректор.

Иш-чаранын жүрүшүндө Төрагага университеттин маарекелик медалы да салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер