НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ: «ИЛИМ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАНДА ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ»

  • 27.03.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргыз улуттук агрардык университетине барып,  окуу жайдын базасында уюштурулган өлкөбүздөгү жападан жалгыз өсүмдүктөрдү микроклоналдык көбөйтүү (In Vitro) лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып,  Агрохимия лабораториясын жана коллекциялык күнөсканаларын көрүп чыкты.

НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ: "ИЛИМ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАНДА ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ"

Калктын саламаттыгын чыңдоодо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо лабораториялык изилдөөлөрдүн мааниси чоң экендигин баса белгилеген төрага илим менен тажрыйбаны айкалыштырып, өлкөбүздүн агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүүбүз кажет экендигин, бул үчүн айыл чарба маселелерин мыкты түшүнгөн, аны өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын жакшы өздөштүргөн адистер өтө зарылдыгын билдирди.

НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ: "ИЛИМ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАНДА ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ"

Муну менен катар окуу жайдын базасындагы эксперименттик, изилдөө аянтчалары дүйнөнүн алдыңкы билим берүү жайларында кеңири жайылгандыгын билдирип, Кыргыз улуттук агрардык университетинде заманбап лабораториялардын иштеп жаткандыгы жакшы саамалык экендигин, бул изилдөө аянтчалары студенттердин жана жаш окумуштуулардын тажрыйбасын арттырууга гана көмөкчү болбостон, жаратман инсандардын устаканасына айланып, илимий табылгалардын жаралышына сөзсүз жардамчы болорун, айрыкча, илим изилдөө ишине жаштардын катышуусу келечек үчүн өтө маанилүү экендигин кошумчалады.

НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ: "ИЛИМ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАНДА ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ"

Ошондой эле өлкөбүздө экология маселеси, өзгөчө өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди өстүрүүгө байланышкан көйгөйлөр курчуп бара жатканына токтолду.

  • Акыркы учурларда шаардагы бак-дарактар жабыркап, ар кандай илдеттерге кабылып жатканын көрүүдөбүз. Ошону менен бирге айдоо аянттарын, жайыттарды натыйжасыз колдонуудан улам жердин кыртышы бузулуп, жайлоолорубуз да такырга айланууда. Ага ылайык, окумуштуулар жаратылышты, экологияны коргоо менен тамак-аш коопсуздугун камсыздоо багытында илим изилдөө жумуштарын жигердүү жүргүзүп, аталган тармактарда ыкчам иш алып баруусу кажет, – деди.

НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ: "ИЛИМ МЕНЕН ТАЖРЫЙБАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАНДА ГАНА ИЙГИЛИК ЖАРАЛАТ"

Мындан тышкары, лабораторияда тажрыйба алып, изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан студенттер менен баарлашып, изденип эмгектенген адистер гана илимде ийгиликке жетишерин айтты.  Нурланбек Тургунбек уулу студенттердин жатаканасына да баш багып, аймактардан келип окуган жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер