Төрага Нурланбек Шакиев Аксы районундагы мектептердин абалы менен таанышты

  • 26.07.2023
  • 0

Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш
сапарынын алкагында билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты.

Алсак, Жаңы-Жол айылында жайгашкан №10 Жоробек Мамытбеков атындагы
орто мектептин биринчи корпусу 1964-жылы ашар жолу менен курулуп, азыркы учурда авариялык абалда. Жалпы 900гө жакын окуучу билим алган мектептин корпустарын көрүп чыккан Төрага Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловго жаңы окуу имаратын куруу тапшырмасын берди.

Бирок, түзүлгөн шарт-жагдайдын начардыгына карабай быйыл эле аталган
мектептин үч окуучусу республикалык деңгээлдеги предметтик олимпиадада алдыңкы орунду багынтып, бир окуучусу физика-математика боюнча Германияда өткөн дүйнөлүк мелдеште ийгилик жараткан. Андыктан Төрага бардык шарты менен курулган, заманбап мектеп жүздөгөн таланттуу балдардын тарбиялануусуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда мамлекетте жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев мектептерди жана бала бакчаларды курууга, агартуучулардын айлык маянасын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мисал катары азыркы тапта Аксы районунда эле алты жаңы мектеп курулуп жатканын айтып, анын төртөө быйыл ишке берилерин эске салды.

Андан соң Төрага Райымбек Темиров атындагы мектепке барып, имаратын көрүп чыкты. 1996-жылы ашар жолу менен курулган окуу имараты азыркы учурда авариялык абалда. Андыктан Төрага тиешелүү жетекчилерге кийинки жылы жаңы мектеп куруу талабын койду.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда агартуучулар тендер маселеси жоюлганына кубангандыктарын белгилешип, тендердин айынан балдарга сапатсыз тамак-аш берилип калган учурлар катталганын жүйө келтиришти.
Кошумчалай кетсек, Төрага Нурланбек Шакиев аталган эки мектепке тең заманбап
компьютерлерди тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер