Төрага Марлен Маматалиев Талас облусундагы социалдык жана маданий мекемелердин абалы менен таанышты
- 06.03.2026
- 0
6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас жана Айтматов райондорундагы бир катар социалдык жана маданий мекемелердин абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Төрага Манас районундагы Талас айылында жайгашкан маданият үйүнө барып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты. Аталган имараттын курулушу 1985-жылы башталып, бир жылдан кийин 400 орунга ылайыкташкан клуб катары пайдаланууга берилген. Кийинчерээк, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында менчиктештирилип кетип, 2014-жылы кайра айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлгөн.
Имараттын эскилиги жеткенин белгилеген Марлен Маматалиев тиешелүү мекеме жетекчилерине анын техникалык абалын текшерип чыгып, жарактуу же жараксыз экенин аныктоо боюнча тапшырма берди.
Төрага маданий жайлардын маанисине токтолуп: «Эгер имарат жарактуу болсо, аны тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүшүбүз керек. Элет жериндеги маданият тармагын өнүктүрүүдө маданий жайлардын мааниси чоң. Биз коомду алдыга жылдырыш үчүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына эле көңүл бурбастан, маданий-агартуу иштерине да өзгөчө басым жасашыбыз керек», — деди.
Ошондой эле Төрага Манас районуна караштуу Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалын да көрүп чыкты. Бул маданий жай 1958-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенине дээрлик жетимиш жылга жакындап калган. Убакыт өткөн сайын бир нече жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен, учурда имарат толук жаңыланууга муктаж.
Иш сапардын жүрүшүндө маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев жаңыдан курула турган көп функционалдуу маданий жайдын типтүү долбоору менен тааныштырды. Марлен Маматалиев тиешелүү жетекчилерге сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Семетей айылындагы маданият үйүн курулушу керек болгон титулдук тизмеге киргизүү тапшырмасын берди.
«Эртең долбоор ишке ашпай калды деген сөз болбошу керек. Тиешелүү мекемелер керектүү иштерди жүргүзүп, Семетей айылына жаңы маданият үйүн куруп бериши керек. Бул маданий жай жергиликтүү эл үчүн өтө маанилүү», — деп белгиледи Төрага.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев иш сапарын Айтматов районунда улантып, Кызыл-Адыр айылындагы кургак учукка каршы оорукана имаратынын абалы менен таанышты. Аталган медициналык жай 1968-жылы курулуп, имарат авариялык абалга келгенине байланыштуу 2022-жылы жабылган.
Жергиликтүү жетекчилер жаңы ооруканага муктаждык чоң экенин айтып, ошондой эле аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги курч болуп жатканын билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча учурда 170ке жакын дарыгер жетишпейт.
Төрага көтөрүлгөн маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, элеттеги социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекет үчүн негизги багыттардын бири экенин белгиледи. «Өлкө калкынын көпчүлүк бөлүгү элет жеринде жашайт. Ошондуктан айылдардагы социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Айрыкча айылдык ооруканаларды оңдоп-түзөп, керек болсо жаңыларын куруп, калкыбыздын саламаттыгына кам көрүшүбүз зарыл», — деди Марлен Маматалиев.
Иш сапар учурунда Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрүштү.
Нурлан Кыдыков, “Кут билим”
Комментарийлер