СЫЙЛЫК — СЫЙМЫК

  • 21.02.2024
  • 0

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин “23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө” карата билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйлоо иш-чарасы уюштурулду.

СЫЙЛЫК - СЫЙМЫК

СЫЙЛЫК - СЫЙМЫК

СЫЙЛЫК - СЫЙМЫК

СЫЙЛЫК - СЫЙМЫК

Маалыматка ылайык,  сыйлык тапшыруу иш-чарасын Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Алмакунов ачып,  23-февраль – Ата Мекенди  коргоо күнү майрамынын тарыхын айтып өттү. Ошондой эле Ата Мекенди коргоо багытында советтик армиянын, кыргыз армиясынын катарында кызмат кылган кызматкерлерди баса белгилеп, азыркы учурда да билим берүү уюмдарында зор эмгек жасап жаткандыктарына токтолуп, майрамдык маанай тартуулап  куттуктоо сөз сүйлөдү. Сөзүнүн акырында ал жаш муундарга билим жана тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн 12 мугалимге жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо, сактоодо, иш ордуларына шарт түзүүдө көрсөткөн эмгектери үчүн 51 техникалык кызматкерлерге Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарын тапшырды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер