СЫНАМЫК ТЕСТ: МУГАЛИМДЕР ӨЗГӨРҮҮГӨ УМТУЛУУДА
- 02.12.2025
- 0
Кыргызстанда STEM мугалимдеринин сынамык тести ийгиликтүү жыйынтыкталды. Мугалимдердин билим деңгээлин текшерүү гана эмес, алардын күчтүү жана өнүктүрүүгө муктаж жактарын ачык көрсөткөн бул тесттин натыйжасында көпчүлүк катышуучулар 60% жогору, айрымдары 90% чейин упай топтошкон. Алардын көрсөткүчтөрүн акыркы эки жылдагы үзгүлтүксүз окутуунун жана бирдиктүү иштин натыйжасы катары баалоого болот. Негизги тест декабрь айында болушу күтүлүүдө.

КР Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинованын айтымында сынамык тесттин жыйынтыгына эч кандай анализ жүргүзүлбөйт.
— Сынамык тестте мугалимдер “Алтын Казыктан” алган компьютер, ноутбуктарга кантип кирип, логин паролду кантип колдонуу керек, тест тапшырмалар кайсы форматта болот деген сыяктуу маалыматтар менен таанышты. Ал эми декабрда өтүүчү жыйынтыктоочу тесттин суроолору башкача болот, бирок структурасы, тесттик тапшырмалардын саны өзгөрүлбөй баары ошол эле боюнча калат. Тактап айтканда, 33 суроо өзүнүн предмети боюнча болсо, методика предметтери боюнча 7 суроо ошол эле бойдон калат, — дейт Бактыгүл Шамшидинова.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары Жаркын Укеева республиканын мугалимдер үчүн өткөрүлгөн сынамык тест билим берүү тармагындагы маанилүү окуялардын бири болгондугун белгиледи.

— Бул сынамык тесттин максаты — Агартуу министрлиги мугалимдерге тараткан “Алтын казык” ноутбуктары менен иштеп жаткан мугалимдердин билимин баалоо болду. Тест башталаары менен мугалимдердин суроолору да көбөйдү. Алар “Кандай суроолор болот», «Кайсы документтерге таянып даярдануу керек», «Эмнелер эске алынат” деген сыяктуу суроолор менен бирге эле “Тесттин жыйынтыгы айлыкка таасир этеби?”, “Жумуштан бошотуп жиберишпейби?” деген кооптонуулар пайда болгону жашыруун эмес. Бирок көпчүлүк мугалимдер бул иш-чараны өнүгүүгө багытталган кадам катары кабыл алып, бири-бирине жардам берип, чогуу даярдануу демилгесин көтөрүштү. Алар бири-бири менен биригип, материалдарды бөлүшүп, чогуу окуп, өндүрүмдүү педагогикалык чөйрө жарата алганы кубанычтуу.
Анын айтымында тесттин суроолору ачык жарыяланбаганы мугалимдерди мамлекеттик стандарттарды, окуу программаларын, предметтик компетенттүүлүктөрдү жана өз сабагынын мазмунун кайра карап чыгууга түрткү берген.
— Бул — билимдин түпкү маңызына кайтуу, системалуу даярдыкка өтүү десек болот. Институттар курска келген мугалимдерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип кабинеттер, методикалык колдоо менен камсыздап турушту. Натыйжада көпчүлүк катышуучулар 60% жогору, айрымдары 90% чейин упай топтой алды. Бул көрсөткүчтөрдү акыркы эки жылдагы үзгүлтүксүз окутуунун жана бирдиктүү иштин натыйжасы катары баалоого болот. 2023-2024-окуу жылында эле өлкө боюнча 16 миңге жакын STEM мугалими окуудан өтсө, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында август айында 4 885 математика, 6 507 табигый илимдер жана 5 224 англис тили мугалими даярдыктан өттү, — деп белгиледи ал.
Айрым катышуучулардын айтымында, тест тапшыруунун акыркы күнүндө математика мугалимдери техникалык тоскоолдуктарга туш келип, убакытты жоготушкан учурлар болгон. Ошого карабастан, тесттин жалпы жыйынтыгы педагогдордун предметтик даярдыгын баалоого жана өнүгүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди дешет алар.
Сынамык тест мугалимдердин билимин текшерүү гана эмес, алардын күчтүү жана өнүктүрүүгө муктаж жактарын ачык көрсөтүүчү механизм катары баалоого болот. Демек, баалоо процесси бир эле күндүк иш-чара эмес, ал билим берүү системасынын абалына, мугалимдин кесиптик өсүүсүнө жана акырында окуучунун ийгилигине таасир этүүчү узак мөөнөттүү таасирге ээ.
Сынамык тесттин көрсөткүчтөрүнөн кыргызстандык мугалимдер өзгөрүүгө умтулуп жатканын жана билим берүүнүн сапатын өркүндөтүүгө аракеттери күчтүү экендиги байкалды.

Бишкек шаарындагы № 66 жалпы орто билим берүү мектебинин информатика мугалими Адилет Амангулов сынамык тест учурунда алган таасирлери менен мындайча бөлүштү.

— Мен сынамык тесттен 81 пайыз упай алдым. Информатика предмети боюнча 40 суроо берилиптир. Суроолор негизинен стандартка шайкеш, жакшы түзүлгөнү байкалды. Мен тест болот дегенден тарта өз алдымча көбүрөөк даярдык көрүп баштагам, себеби биринчи кезекте өзүмдүн билим деңгээлимди сынап көрүүнү туура көрдүм. Жыйынтыгында жакшы көрсөткүчкө ээ болдум. Предмет мугалими катары айтаарым, мага суроолор оорчулук деле жараткан жок, мындай тесттик тапшырмалар менен мугалимдер билбегенибизди билип, өзүбүзгө пайдалуу маалыматтарды ала алабыз деп ойлойм. Жооптору да тест бүткөндөн кийин дароо чыкканы, кайсы жерден ката кетирип алганыңды автоматтык түрдө көрсөткөнү мага жакты. Жалпылап айтканда, информатика мугалими катары министрликтин даярдаган тесттик тапшырмалары мага эч кандай оорчулук жараткан жок деп айта алам, — дейт Адилет.

Ушундай эле сынамык тест тапшырган Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы С.Ногоева атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин англис тили мугалими Айнура Жолборсова:
— Предметтик тестти мен балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өнүгүүсүнө этап-этабы менен шарт түзүп жаткан 12 жылдык билим берүү системасынын бир бүтүмү деп түшүнөмүн. Мындан тышкары, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө 12 жылдык билим берүү программасы колдонулуп жаткан соң, Кыргызстан үчүн да эл аралык деңгээлге чыгуунун бир кадамы деп эсептейм.
Мен өзүм катышкан англис тили мугалимдерин тестирлөө боюнча өз оюмду айтсам, предмет боюнча 40 суроо берилди. Баары негизинен жакшы түзүлгөн, стандартка шайкеш суроолор болду. Предметтик мугалим катары мага эч кандай кыйынчылыктар болбогонун белгилеп кетким келет. Ушундай предметтик тесттер болуп турганы өзүбүзгө пайдалуу деп эсептейм, анткени мындай тесттер мугалимдин жоокеркерчилигин жогорулатат жана керектүү маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт. Тест бүткөндөн кийин жооптору дароо чыкканда, ким кайсы жерден кандай ката кетиргенин өзүбүзгө белгилеп алдык, — деген оюн билдирди.
Мугалимдерге сынамык тест Кыргызстанда мектептик билим берүү тармагы 12 жылдык моделге трансформация болуп, мамлекеттик стандарттар заманбап жаңыланып жатканда жүргүзүлүүдө. Бүтүндөй тармактын стандарттарынын өзгөрүшү мугалимдердин баарына кесиптик даярдыкты заманбап жаңылоо талабын коюуда.
Изилдөөнүн натыйжасында алынган маалыматтар мугалимдердин кесиптик даярдыгындагы кемчиликтерди, өксүктөрдү аныктоо үчүн талдоодон өткөрүлөт. Жогоруда айтылгандай, бул декабрь айында өтө турган тесттин негизги этабына даярдык гана. Бир айдан кийин тесттин негизги этабы өткөрүлүп, анын натыйжасында мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын көтөрүү боюнча модулдар иштелип чыгат. Ошондой эле мугалимдерге методикалык колдоо көрсөткөн борборлордун ишин заманбап жаңылоо боюнча иштер пландаштырылат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер