Сынактын талапкерлери үчүн онлайн семинар өткөрүлдү

  • 14.11.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер үчүн онлайн-семинар өткөрүлдү.

Конкурска даярдануу боюнча окутуулар 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин ZOOM платформасы аркылуу болду. Ага республика боюнча 1540 талапкер катышты.

Сынакка катышууда талапкерлердин арыздарын, документтерин туура каттоо, ченемдик укуктук актылар, маалыматтык технологиялар боюнча компетенттүүлүк, тесттердин мазмуну жана тест тапшыруунун жол-жобосу жөнүндө маалыматтар берилди.

Белгилей кетсек, сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2024-жылдын 18-ноябрына чейин жүрөт.

Сынактын талапкерлери үчүн онлайн семинар өткөрүлдү

Катталуу үчүн тиешелүү документтер билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]
[email protected]

Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин сайтына (https://ncokoit.kg/) жарыяланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер