СЫНАК: МЫКТЫЛАР 3-ТУРДА

  • 03.10.2024
  • 0

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” жана “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАРБИЯЧЫСЫ” сынагынын бүгүн 3-күнү.

Сынактын биринчи, экинчи  турунда конкурсанттар ар кандай сыноолордон өтүп, 128 мугалимдин арасынан 21 катышуучу 3-турда ат салышып жатат.

3-турда конкурсанттар сабак өтүү боюнча сыналат. Мугалим сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо, окуу-тарбиялоо процессин уюштурууда өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт. Мында максималдуу 60 балл алуу керек.

Эскерте кетсек, сынак 5-октябрга чейин уланат. Бул чоң байге коюлган жана мугалимдер масштабдуу түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге батирдин ачкычы тапшырылат.

Конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер