СЫЙЛЫК-СЫЙМЫК

  • 16.11.2018
  • 0

10-ноябрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков илим жана техникага салым кошкон окумуштуу-илимпоздорду сыйлоо боюнча тиешелүү жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, бир катар илимпоздор «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты»  наамы  менен  сыйланышты. «Эгемендүү Кыргызстандын коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн  актуалдуу  проблемалары»  иши  үчүн  И.Арабаев атындагы  Кыргыз  мамлекеттик  университетинин  ректору, тарых  илимдеринин  доктору Абдырахманов Төлөбек, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз улуттук университетинин  философия, маданият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору Артыкбаев  Мэлс,  И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору Курбано-ва Назира жана ушул эле окуу жайдын тарых кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору Маанаев Эгенберди сыйланды. “Кут Билим” газетасынын редакциясы сыйлык ээлерин куттуктап, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер