СУЗАКТАГЫ ОКУЯ БОЮНЧА МУГАЛИМДЕР ҮН КАТТЫ
- 05.12.2024
- 0
Сузактагы бала бакчадагы тарбиячынын балага кол көтөргөнү боюнча биздин редакцияга өлкө аймагындагы мектептерден билдирүүлөр келип жатат.
Алардын айрымдары менен сиздерди тааныштырып кетели.
Урниса Нурбаева, Сузак району:
— Мен бала бакчадагы бул окуяны көрүп аябай жүрөгүм ооруду. Анткени ошол жердеги кичинекей баладай болгон менин да неберем өзүбүз жакта жайгашкан бала бакчалардын бирине барат. Окуя болгон жердеги тарбиячыларга аябай капа болдум. Билим берүү тармагынын бир бөлүгүндө иштеп, ошол кесиби менен нан таап жеп отурган соң, өз кесибине аяр мамиле кылып, күнөөсүз наристелерге жакшы мамиле жасашы керек эле. Ар бир ата-эне өз наристесин жумуштун айынан аргасыздан бала бакчага алып барат да! Ошолор сыяктуу эле мен да кичинекей неберемди бала бакчага таштап, өз жумушума барам. Бул окуядан сон көптөгөн ата-эне бала бакчага жиберүүдөн баш тарттыбы деп ойлойм. Бул окуя боюнча жетекчилер мыйзам чегинде териштирүү иштерин жүргүзүшөт деген ишеничтемин.
Ашыккал Тагайматова, Талас шаары:
— Сузактагы окуя боюнча соцтармактан көрүп, «Ушундай көрүнүштөр башка бала бакчаларда да кайталанып, билинбей калып жатабы?!» деген ойго келдим. Анткени, күн алыс болбосо да, кээ-кээде ата-энелерден «Балам бакчага баргысы келбей ыйлап, араң барат » дегенин угуп калам. Мурда уксам да, көп деле маани берчү эмесмин. Эми билдим. Чындыгында эле бакчаларга билими туура келген кесипкөй адистер иштешсе, мындай көрүнүштөр болбойт эле. Албетте, ар бир баланын психологиясына карап мамиле кылган тарбиячылар жок эмес. Бирок «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, арасынан ушундай тарбиячылар чыга калганы өкүнүчтүү. Бул окуя республикадагы башка тарбиячыларга сабак болуп, экинчи мындай терс көрүнүштөр кайталанбашы керек.
Тайир Аширбай, Лейлек району:
— Менин жеке пикиримде балдар бакчасында жана мектепте балага жагымдуу чөйрө түзүлүшү керек. Баланын укугу, эркиндиги мыйзам менен корголушун камсыздоо зарыл. Бакчалар менен мектептердин көрүнөө жерлерине «Балага кол көтөрбө!», «Окуучуну тилдебе!», «Билим ордосунда зордук-зомбулукка орун жок!» деген ураандарды илип коюунун мезгили бышып жетилди. Билим берүү кызматкерлерине мамиле маданиятын тезирээк үйрөтөлү!
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер