СУЛТАН ИБРАИМОВ атындагы АГРОТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 11.05.2024
- 0
Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу
СУЛТАН ИБРАИМОВ атындагы АГРОТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
— Биз агрардык өлкөбүзбү?
— Ооба, агрардык.
— Анда бизге айыл чарба адистери керекпи?
— Суудай керек!
— Ушундай атайын окуу жай барбы?
— Ооба, албетте!
— Ал – Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы
Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу
СУЛТАН ИБРАИМОВ атындагы АГРОТЕХНИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
9- жана 11-класстын базасында төмөнкү адистиктер:
Бюджеттик негизде:
- Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо;
- Гидротехникалык курулуш
- Колдонмо геодезия;
•Жерге жайгаштыруу;
- Айыл чарбасындагы ишкердик;
- Ихтиология жана балык чарбасы;
- Агрономия.
Контракттык негизде:
- Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо;
- Жерге жайгаштыруу;
- Колдонмо геодезия;
- Айыл чарбасындагы ишкердик;
•Агрономия;
- Ихтиология жана балык чарбасы;
- Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- Гидротехникалык курулуш;
- Колдонмо информатика;
- Ветеринария.
Сырттан окутуу бөлүмү:
Окутуу формасы 11-класстын базасында контракттык негизде төмөнкү адистиктер:
• Жерлерди мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо;
• Жерге жайгаштыруу;
• Айыл чарбасындагы ишкердик;
• Агрономия.
Колледжге кирүү шарттары жана тартиби:
- Мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу күбөлүгү;
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 түстүү сүрөт;
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (өзү көрсөтөт);
- Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү.
Кабыл алынган студенттер жатакана менен камсыз болушат.
Урматтуу 9- жана 11-класстын окуучулары!
Сууга, жерге жана элге тиешелүү адистиктер топтолгон Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинин студенти жана бүтүрүүчүсү болуу ардактуу жана кадыр-барктуу!
Өлкөнүн келечеги ишенимдүү колдо болот деген үмүт менен биз сиздерди колледжде күтөбүз!
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине караштуу Султан Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжине кош
келиңиз!
Биздин дарек:
720005 Бишкек ш.
Медеров көч. 68, (К.Тыныстанов көчөсү менен кесилишет) К.И.Скрябин атын. КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин окуу корпусу, 2-кабат.
Байланыш телефондору:
54-52-07; 54-33 37;
0777 78 36 08; 0709 29 30 26.
e-mail: [email protected]
сайт: www.atk.kg;
Faсebook: Atk bishkek
Instagramm: atk_college
Комментарийлер