Студенттер үчүн акысыз тренинг

  • 29.11.2023
  • 0

Эртең, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Accelerate Prosperity in Kyrgyzstan менен биргеликте “Кыргызстандын ЖОЖдорунун бизнес-инкубаторлорунун потенциалын жогорулатуу” деген темада тренинг өткөрөт.

Студенттер үчүн акысыз тренинг

Тренингдин максаты — бизнес-инкубаторлордун, стартаптардын жана өнөктөштүгүн өнүктүрүү жана инвесторлор менен иштөөнүн принциптерин өздөштүрүү.

Тренингге ЖОЖдордун бизнес-инкубаторлорунун өкүлдөрү, стартаптар жана “Startup Students” сынагынын финалисттери чакырылат.

Өтүүчү жери: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58а, Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбор.

Убактысы: 09:00дөн 15:00гө чейин

Accelerate Prosperity (AP) — бул Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы экономикалык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болгон бизнести стимулдаштыруу боюнча жаңы глобалдык демилгеси.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер