СТУДЕНТТЕР АЯЛУУ БАЛДАРГА КОЛ СУНДУ
- 04.11.2024
- 0
Кыргызстан эл аралык университетинин 1-курсунун студенти Төрөкулова Гүлназик кайрымдуулук акциясында жаңы «сиңди» тапты.
Көргөн адамдын жүрөгүн жылыткан мындай жагымдуу көрүнүшкө, биз, журналисттер, жакында Кыргызстан эл аралык университетинин Филология бөлүмүнүн студенттери Токмоктогу Чүй жатак-мектебине кийим-кече, таттууларды алып барганда күбө болдук.
Беш жашар Айназик эки саат бою студент кыздын колунан түшпөй, мээримине бөлөнүп эркелеп жатты.
Кайрымдуу жаштар бул жерге биринчи жолу келип жатышкан жок. Мурдагы жылы жатак-мектептин 200 тарбиялануучусунун ар бирине атыр самындан бирди, тиш жуугуч щётка менен пастасын кошуп алып беришсе, былтыр жатакананын алдына үч отургуч-селкинчекти белек кылышкан. Мындан тышкары, студенттер ар бир келгенинде тарбиялануучулар менен ар кандай оюндарды уюштуруп, алардын күнүмдүк жашоосун да шаңга бөлөп жатышат.
— Союз учурунда студенттер айыл чарба жумуштарына жардам берип, курулуш иштерине көмөктөшчү. Азыркы жаштар турмуштан алыс болуп калышпасын деп биз, окутуучулар, түрдүү акцияларды, кайрымдуулук иштерин уюштуруп жүрөбүз, — деди бул күнкү иш-чаранын демилгечиси, Филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.
Студенттердин кайрымдуулук акциясына Филология бөлүмүнүн улуу окутуучулары Нышанова Гүлнара, Абдылдаева Гүлзият, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сатыбалдиева Гүлмира, окутуучу Кудайкулова Аксана да ат арытып, жол карытып дегендей чогуу келди. Окутуучулардын айтуусунда кайрымдуу жаштар буга чейин да Нооруз майрамында карылар үйүнө барып, колунан келген жардамын беришкен экен.
— Карылар үйүнө бараардан мурун, алар алдын карыялардын ар бирине жолугуп, ким эмнеге муктаждыгын билип, андан кийин ошого жараша бирине жылуу байпак, башкасына бутка кийип жүрчү тапичке алып беришти. Нооруз майрамында үйдүн тамагын жешсин деп бир кыздын үйүнөн очокко аш демдеп, алып барышкан, — дешти кайрымдуу жаштардын эжейлери.
Студенттер бул күнү тоодой ишти аткарышты. Эң башкысы мээримге муктаж балдар-кыздар менен баарлашып, ой бөлүшүүгө үлгүрүштү. Талкуу, кызыктуу викторина да уюштурушуп, суроолорго туура жооп бергендерге өздөрү ала келген белектерин тапшырышты.
— Бул кайрымдуу жаштарга биз да көнүп калдык. Үч жылдан бери бизге жардам берип жатышат. Бүгүн балдарга жамынып жатканга жылуу плеттерди, кийим-кече, таттууларды алып келишти. Жаштардын демилгесин колдоп, аларга атайын унаа бөлүп берген МУКтун жетекчилигине, жаштарды жетектеп келген Зина Караевнага, окутуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз, — дейт Токмоктогу Чүй жатак-мектебинин директору Назгүл Мусаева.
Кайрымдуулук акциясынын соңунда борбордон келишкен студент жаштар жатак-мектептеги өнөркананын иши менен таанышты. Технология сабагында кыздар ак шейшептерди, ич кийимдерди, фартуктарды тигип, ашыкчасын сатыкка чыгарып жатканы МУК студенттери үчүн жагымдуу жаңылык болду. Эки жыл мурун Президент Садыр Жапаров жатак-мектепке келгенде, кыздардын колунан жасалган кооз гүлдү беш миң сомго сатып алганын мындагы балдардын сүйүктүү тарбиячылары Илмира Искенова менен Айнура Шералиева айтып беришти.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер