СТЕМ — ЗАМАН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ ЖАСАЛГАН КАДАМ

  • 14.11.2025
  • 0

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун СТЕМ багытындагы билим берүү кафедрасы квалификацияны жогорулатуу курстарынын аталышына жараша багытталып, чоң өзгөрүүлөрдүн чордонуна айланды.

СТЕМ - ЗАМАН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ ЖАСАЛГАН КАДАМ

СТЕМ боюнча билим берүү программалары иштелип чыгып, талапка ылайык өтүлүүчү курстардын мазмуну да жаңыланды. Мисалы, Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен “Табигый илимий предметтерди окутуунун методикасы” боюнча электрондук курстун мазмунун түзүүчү модулдарын иштеп чыгуу милдети ишке ашырылды. Ошондой эле “12 жылдык билим берүүгө өтүүдө биология предметин окутуунун методикасы”, “Предметтик стандарттын талаптарына ылайык сабактарды пландаштырууну өркүндөтүү” деген аталыштагы стационардык жана көчмө курстардын мазмуну да коюлган талапка ылайык өзгөртүлүп түзүлдү. Азыркы учурда аталган курстар боюнча окуулар болуп, мугалимдер квалификациясын жогорулатууда.

СТЕМ - ЗАМАН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ ЖАСАЛГАН КАДАМ

Ошондой эле биз дагы 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө дүйнөлүк практикага багыттап, Кембридж эл аралык билимди баалоо программасынын алкагында (IGCSE) табигый илимий предметтерди окуткан мугалимдерди жана методисттерди эки этап боюнча окутуп, кайтарым байланыш катары сабактардын пландарын жаңы моделдер боюнча түздүрүп, ал сабактарга катышып, анализдеп, эки жылдан бери методикалык колдоо көрсөтүп келатабыз. Окутуунун биринчи этабында Сингапур методикасын колдонуп, 5Е модели боюнча изилдөө сабактарды пландаштырууну өркүндөтүү, экинчи этабында ортоңку жана жогорку класстар үчүн 3С+1Е модели боюнча изилдөөгө негизделген сабактарды пландаштыруу боюнча окуулар болуп, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алгачкы кадамдарында мугалимдер сабактарды жаңы электрондук китептерди (ОМК) колдонушууда.

Биздин кафедранын адистери Агартуу министрлиги менен биргеликте “УСТАТ” платформасын ийгиликтүү ишке киргиздик десем болот. Мен ага түздөн-түз катышып, “12 жылдык билим берүүгө өтүүдө табигый илимий предметтерди окутуунун методикасы” аталышындагы электрондук курстун мазмунун түзүп чыктым. Ал электрондук курс аталган порталга жайгаштырылды. Мында функционалдык сабаттуулуктун негизги багыттарынын бири табигый илимий сабаттуулукту калыптандыруу боюнча тапшырмаларды талдоо презентациялары, жаңы моделдер боюнча видео сабактар, тесттик тапшырмалар ж.б. маалыматтар камтылган.

СТЕМ - ЗАМАН ТАЛАБЫНА ШАЙКЕШ ЖАСАЛГАН КАДАМ

Биздин алдыбызда билим берүүдө табигый илимий предметтерди, анын ичинде биологияны окутууда жогоркудай актуалдуу маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарып, илимий ишти коргоо милдети турат. Аны менен бирге эле мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча курстардын мазмунун дагы жаңылап, санариптештирүү жагын өнүктүрүүгө киришүүдөбүз.

Чыныгүл КЕКЕЕВА,

STEM билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер