STEM МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАРДЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

  • 11.12.2024
  • 0

4-декабрда STEM предметтердин мугалимдери үчүн кеңири масштабдагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын үчүнчү этабы башталды.

Курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан өткөрүлүүдө.

STEM МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАРДЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Курстар табигый илимдерди жана математиканы окутуунун алдыңкы эл аралык методикаларын киргизүүгө багытталган, алар мугалимдерге окуучуларды окуу процессине активдүү тартууга, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет.

Төрт күндүк тренингдер өлкөнүн бардык региондорунда квалификациялуу мастер-тренерлер тарабынан өткөрүлөт.

STEM МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАРДЫН ҮЧҮНЧҮ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

Жаңы методикаларды практикада колдонууга өзгөчө көңүл бурулат: тренингдер аяктагандан кийин ар бир мугалим алган билимдерин колдонуу менен өзүнүн сабак пландарын түзөт. Мастер-тренерлер мугалимдерди  коштоп, алардын сабактарына катышып, күнүмдүк практикага жаңы ыкмаларды киргизүүгө жардам беришүүдө. Курстардын аягына чейин Кыргызстандагы бардык STEM мугалимдерин окутуу пландалууда.

Квалификацияны жогорулатуу курстары Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер