STEAM ЖАНА КӨРКӨМ ӨНӨР: БАЛАНЫН АР ТАРАПТУУ ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШ
- 18.02.2026
- 0
Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу «Алтын Таажы» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Балдардын көркөм чагылдыруу искусствосун өнүктүрүү» аталышындагы райондук семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чарага Лейлек райондук окуу-усулдук каананын жетекчиси Н.Эралиева баш болгон усулчулар, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиячылары катышып, кесиптик тажрыйба алмашууга жана заманбап ыкмаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.
Семинар бакчада уюштурулган STEAM жана «Жашыл көндүмдөр» багытындагы көргөзмө менен башталып, катышуучуларга балдардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү натыйжалуу ыкмалар практикалык мисалдар аркылуу сунушталды.
Андан соң мекеменин жетекчиси Урниса Эркинбек кызы «Балдардын көркөм чагылдыруу искусствосун өнүктүрүү» темасында мазмундуу, илимий негизделген, таасирдүү презентация жасады.
Презентациянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер кеңири каралды:
– Көркөм искусствонун маңызы жана тарбиялык мааниси;
– Көркөм өнөрдүн баланын интеллектуалдык, эстетикалык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө тийгизген таасири;
– Чыгармачылык түшүнүгүнүн мазмуну;
– Балдардын сүрөт тартуудагы өнүгүү баскычтары жана колдонулуучу техникалар.
Практикалык бөлүк квест оюну форматында уюштурулуп, катышуучулар топтук иш аркылуу чыгармачылык изденүүгө аралашты. Бул формат теориялык маалыматты бекемдөөгө жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө өбөлгө түздү.
Жыйынтыгында семинарга талдоо жүргүзүлүп, катышуучулар тарабынан жогору баа берилип, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирилди.
Иш-чара мектепке чейинки билим берүү тармагында көркөм-эстетикалык тарбия берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган натыйжалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер