STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

  • 14.12.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №40 мектепте “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына STEAM технологияларын киргизүү, ишке ашыруу жана апробациялоо” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Ага Бишкек шаарындагы Ленин районунун орто мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Тегерек столго келген Ленин райондук администрация башчысынын орун басары Айзада Жунусова, жаңы жылды утурлай ушундай иш-чара уюштуруп, майрамдык маанай тартуулаган №22 бала бакчанын жетекчиси Индира Дуулановага жана анын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

— Индира Батырбековна жетектеген бала бакча көптөгөн ийгиликтерге жетишип келатканына баарыбыз күбөбүз. Айрыкча, заманбап технологиялар менен иш алып барып, долбоорлорду жазып, аны жазып эле тим болбостон, жеңишке жетишип жатканы колдоого арзырлык. Анын демилгеси баардыгына “жугуштуу” болуп, сиздер да бир орунга турбастан, күн сайын жаңы ачылыштарга, жаңы ийгиликтерге умтулуп, багынта берүүңүздөргө тилектештигимди билдиремин” — деди.

Бул күндүн каарманы Индира Дууланова кесиптештерине “Балдар технопаркы “Oрбиталь”+3”, мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө жана тарбиялоого чыгармачылык мамиленин интеграциялык модели” деген темада кызыктуу доклад жасады.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Катышуучуларга Ленин районундагы бала бакчалардын бөбөктөрүнүн жана мектеп окуучуларынын концерти көтөрүңкү маанай тартуулады. Айрыкча, алардын колунан жаңы жылдык оюнчук белектерди алуу өзгөчө жагымдуу болду.

STEAM ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер