STEAM БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 24.05.2024
  • 0

24-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандиловдун катышуусунда Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиясында заманбап жабдуулар менен жабдылган STEAM борбордун ачылышы болду.

Бул окуяга мугалимдер менен бирге окуучулардын да кубанычы чексиз. Мектеп-гимназиянын 10-класстарынын окуучулары  Данилов Эржан, Ковалев Андрей жана Каныбеков Альтимур үстүбүздөгү жылдын апрель айынан баштап бул жердеги робототехника ийриминде билим алышууда.

— Өткөн жылы биз Азербайжанга барып ал жактагы мектептердин STEAM билим берүү тажрыйбасы менен кенен таанышып келдик. Ошондо менде робототехникага кызыгуу жаралды, — дейт Альтимур.

Балдардын кубанычына ортоктош болгон билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кезинде Чыңгыз Айтматов менен Гейдар Алиев кандай жакын мамиледе болуп келсе, учурда эки бир тууган элдин окуучулары алдыңкы технологияларды бири-биринен үйрөнүп жатканын айтты.

— Бизде азыр Президент Садыр Жапаров жактырган «Алтын казык» программасынын алкагында билим берүүнүн мазмунун жаңылоо аракети жүрүүдө. Окуучулардын STEAM кабинеттеринде жасап жатканы бизди таң калтырды. Экологияны сактоодо, өндүрүштө балдардын роботторду, дрондорду башкаруу аракеттери  колго аларлык экен. Биздин өлкөдө учурда 26 STEAM бала бакчалары иштейт. Бул багытта иштеген мектептердин санын да көбөйтөбүз. Элчи мырза эки өлкөнүн окуучулары жана мугалимдери үчүн жайкы STEAM лагерлерин  ачууну пландап жатат, — деди министр айым.

STEAM борборундагы балдардын эмгектери менен таанышып чыккан Азербайжан элчиси өз пикирин мындайча билдирди.

— Бул биз үчүн кымбат мектеп. Азербайжандан ким келсе да,  ушул жерге келишет. Жакында эле биз ушул жерде Гейдар Алиевдин туулган күнүн белгиледик. Биз бир элбиз. Тилибиз, маданиятыбыз, оозеки чыгармачылыгыбыз окшош. Биз жаштарды Азербайжанга окууга чакырабыз. Кыргыз жаштарына эч кандай тоскоолдук болбойт, — деп айтты элчи мырза.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда аталган мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган. Учурда мектеп-гимназиядагы 63 класста 2244 окуучу билим алууда. Былтыркы окуу жылында бул билим ордосунан 28 окуучу, 12 мугалим Азербайжан өлкөсүнө барып, STEAM билим берүү тажрыйбасы менен таанышып келген.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер