МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕРДИН МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТАРТИБИ
- 01.03.2018
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги 2017-2018-окуу жылында 11-класстын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны өткөрүүнүн мөөнөттөрү менен формасын бекитти.
Министр Гүлмира Кудайбердиева кол койгон буйрукка ылайык, 11-класстын окуучулары беш экзаменди милдеттүү түрдө тапшырат, анын ичинен бирөөн тандап алышат.
Экзамендерди тапшыруу мөөнөттөрү 2-июнда 20-июнга чейин.
Экзамен милдеттүү түрдө тапшырыла предметтер:
- Эне тил (эссе) 2-июнда;
- математика (алгебра жана анализдин башталышы) 6-июнда;
- орус, өзбек жана тажик тилиндеги мектептер үчүн кыргыз тили же кыргыз тилдүү мектептер үчүн орус тили (жат жазуу). 9-июнда.
- Кыргызстандын тарыхы (оозеки);
- тандап алган предмет боюнча.
Бөлүшүү
Комментарийлер