СПОРТТОН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ӨСПҮРҮМ

  • 14.12.2023
  • 0

Борборубуздагы «Креатив-Таалим» мектебинин 9-классынын окуучусу Осмонбек Абдырахмановдун стол тенниси боюнча командасы өзү окуган мектебинин жана Свердлов районунун чемпиону аталды.

СПОРТТОН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ӨСПҮРҮМ

Айта кетсек, бул жеңиш өспүрүмдүн жалгыз ийгилиги эмес. Жакында эле ал Түркиянын Анталия шаарында өткөн эл аралык олимпиадага катышып,  шахматтан 1-орунду, математикадан 4-орунду ээледи.
Осмонбек эне тилдүү мектепте 3-класстан берип билим алат. Атасынын айтуусунда, ал спортту жаштайынан жакшы көрөт. Башында агаларын ээрчип дзюдого, күрөшкө барып жүрсө, кийин стол теннисин мектептеги  балдардан эле үйрөнүп алды.

— Бара-бара жакшы ойногон балдардын катарына кошулуп кетти. Анан мыкты саяпкер Дыйканбек Аруновдун кол алдында машыга баштады, — дейт атасы.

Спорттон ийгилик жараткан аракетчил өспүрүм Осмонбек Абдырахмановдун келечек максаты өтө бийик. Ал компьютерди мыкты өздөштүрүп, илим жолунда ачылыштарды жасап, Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген ойдо жүрөт.

Эмесе, тоодой кыялың ишке ашсын, Осмонбек!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер