СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИ

  • 01.10.2024
  • 0

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИБүгүн, 1-октябрында Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинде Орусиядагы мекендештерибиз, Орусиянын Түмөн облусунун  бел боо күрөшү федерациясынын төрагасы Амир Кодоевдин жана Сибирдеги Түмөн татарларынын “Улуттук маданият автономиясы” жергиликтүү коомдук уюмунун  төрагасы Абукин Динар Марсельевичтин колдоосу, демөөрчүлүгү менен ар улуттун өкүлдөрүнүн уландары арасында бокс боюнча жолдоштук беттешүүлөр өткөрүлдү.   

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИБул иш-чарага КР Президентинин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Койчиев да ардактуу конок катары чакырылган эле. Иш-чарага анын жардамчысы Нурбек Асаналиев катышып, президенттин кеңешчисинин атынан ыраазычылык билдирип, спорт-тынчтыктын тиреги, ынтымактын данакери, эл достугуна көпүрө экенин айтып, жаштарды намыстуу болуп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан эр-азаматтардан болууга шыктандырды. Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиевге  Сибирдеги Түмөн татарларынын “Улуттук маданият автономиясы” жергиликтүү коомдук уюмунун  төрагасы Динар Абукиндин Ыраазычылык катын жана эстелик кубогун Түмөн облусунун  бел боо күрөшү федерациясынын төрагасы Амир Кодоев ала келип, жардамчысына  салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИОшондой эле Амир Кодоев бокс боюнча достук беттешүүлөрүн уюштурууга көмөкчү болгон Спорт колледжинин директору Айбек Ташматов баштаган жамаатка, калыстарга, машыктыруучуларга жана катышуучуларга  ыраазычылыгын билдирди.

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИБокс боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, улук устат Кенжебек Акелбаевдун айтымында, жолдоштук беттешүүгө Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан жаш мушкерлер катышып, 10 салмак боюнча мөрөй талашып, чеберчиликтерин  өстүрүп, мелдеште байгелүү орундарга ээ болгондорго демөөрчүлөр кубок, медалдарды жана баалуу белектерди ыйгарылды.

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИМелдеште биринчи орундардын көпчүлүгүн спорт колледжинин окуучулары Байболот Шамансуров, Алинур Бакытбеков, Ариет Санжарбеков, Данияр Авасбеков, Умар Алтымышов, Бекназар Бердигулов, Нурислам Акелбаев, Эрболсун Уланов жана Чыңгыз Кадыров жеңип алышты. 52 кг салмакта гана баш байгенин ээси канттык Эрбол Баратахунов болду.

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИОрусиядагы Түмөн облусунун  бел боо күрөшү федерациясынын төрагасы Амир Кодоевдин айтымында, мындан ары дагы эл достугуна көпүрө болгон мелдештерди спорттун башка түрлөрү боюнча  уюштуруп, Сибирдеги Түмөн татарларынын “Улуттук маданият автономиясы”  жергиликтүү коомдук уюмунун кеңешинин төрагасы Динар Абукин демөөрчү болуп, колдоого алып турмакчы.

СПОРТ КОЛЛЕДЖИНДЕГИ БОКС БОЮНЧА ЫНТЫМАК МЕЛДЕШИКабыл Макешов, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер