СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭМГЕКТЕРИ

  • 04.03.2024
  • 0

1-мартта И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Манас» эпосу жана «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, профессор Советбек Байгазиевдин «Улутубуздун уңгулуу нарктары» китебинин жана «Манас» эпосу боюнча сегиз томдугунун бет ачары болуп өттү.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭМГЕКТЕРИ

Иш-чаранын алдында катышуучулар С. Байгазиевдин илимий, окуу-методикалык жана көркөм-публицистикалык эмгектеринин, газета жана журналдарда жарыяланган макалаларынын көргөзмөсүнө, өмүр баяны, ишмердүүлүгү тууралуу кыска даректүү тасмага күбө болду.

Окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева Советбек Байгазиевдин көп кырдуу чыгармачыл инсан, педагог-аалым, ири публицист экендигин сыймыктануу менен айтып, дагы да көп ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектештигин билдирип, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Эмгек каарманы” сыйлыгын тапшырды.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭМГЕКТЕРИ

Иш-чарага КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, профессор Айылчы Сарыбаев, КРнын эл артисти Тенти Мураталиев, КРнын эл жазуучусу Кален Сыдыкова, окумуштуулар, журналисттер, коомдук ишмерлер катышты.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭМГЕКТЕРИ

С. Байгазиевдин адабият таануучулук, педагогикалык, публицистикалык ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикирлери менен Кыргыз Республикасынын эл баатыры Миталип Мамытов, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы тилдер жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, п.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов бөлүштү.

КР УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, т.и.д., академик Абылабек Асанканов – “Улутубуздун уңгулуу нарктары”, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, ф.и.д., профессор Абдылда Мусаев – “Манастаануу илиминдеги С.Байгазиевдин ролу жана орду”, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, п.и.д., профессор Назаркул  Ишекеев – “Байгазиев публицист жана педагог катары” аталышында баядамалары менен жарыш сөзгө катышты.

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВДИН ЭМГЕКТЕРИ

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда кеченин каарманы Советбек Байгазиев уюштуруучуларга, катышуучуларга, кечени алып барган «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулуна жана И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызына терең ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер